ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
66 : 4

وَلَوۡ أَنَّا كَتَبۡنَا عَلَيۡهِمۡ أَنِ ٱقۡتُلُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ أَوِ ٱخۡرُجُواْ مِن دِيَٰرِكُم مَّا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٞ مِّنۡهُمۡۖ وَلَوۡ أَنَّهُمۡ فَعَلُواْ مَا يُوعَظُونَ بِهِۦ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡ وَأَشَدَّ تَثۡبِيتٗا

Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 4

وَإِذٗا لَّأٓتَيۡنَٰهُم مِّن لَّدُنَّآ أَجۡرًا عَظِيمٗا

Анда Биз аларга Өз алдыбыздан чоң сооп-сый бермекпиз info
التفاسير:

external-link copy
68 : 4

وَلَهَدَيۡنَٰهُمۡ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا

жана аларды туура жолго багыттап коймокпуз. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 4

وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ فَأُوْلَٰٓئِكَ مَعَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ وَٱلصِّدِّيقِينَ وَٱلشُّهَدَآءِ وَٱلصَّٰلِحِينَۚ وَحَسُنَ أُوْلَٰٓئِكَ رَفِيقٗا

Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салих (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллах сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар - эң сонун шериктер! info
التفاسير:

external-link copy
70 : 4

ذَٰلِكَ ٱلۡفَضۡلُ مِنَ ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ عَلِيمٗا

Бул - Аллахтын артыкчылыгы. (Ким көбүрөөк соопко ээ болгонун) билүү жаатынан Аллах жетиштүү. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ خُذُواْ حِذۡرَكُمۡ فَٱنفِرُواْ ثُبَاتٍ أَوِ ٱنفِرُواْ جَمِيعٗا

О, ыйман келтиргендер! (Душмандардын күчүнөн, айла-амалынан) сактык чараларын көргүлө! Жана (Согуш башталып калса) топ-топко бөлүнүп, же болбосо (шартка карап) бардыгыңар чогуу чыккыла! info
التفاسير:

external-link copy
72 : 4

وَإِنَّ مِنكُمۡ لَمَن لَّيُبَطِّئَنَّ فَإِنۡ أَصَٰبَتۡكُم مُّصِيبَةٞ قَالَ قَدۡ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيَّ إِذۡ لَمۡ أَكُن مَّعَهُمۡ شَهِيدٗا

Албетте, силердин араңарда (коркоктугунан, ыйманы алсыздыгынан улам, жихаддан) кетенчиктегендер да бар. Эгер (согушта) силерди кайгы басып (жеңилип, кээ бирөөңөр өлүп) калса, алар: “Аллах мени, алар менен бирге шейит кылып жибербей сыйлады” - дешет. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 4

وَلَئِنۡ أَصَٰبَكُمۡ فَضۡلٞ مِّنَ ٱللَّهِ لَيَقُولَنَّ كَأَن لَّمۡ تَكُنۢ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُۥ مَوَدَّةٞ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ مَعَهُمۡ فَأَفُوزَ فَوۡزًا عَظِيمٗا

Эгерде силерге Аллахтын артыкчылыгы (жеңиш) жетип калса, деги эле, (мурда) силер менен анын арасында достук болбогондой (силерди тааныбагандай): “Аттиң ай десе, мен да алар менен бирге болуп калсам, улуу жеңишке (жана көп олжолорго) жетмек экенмин”- дешет. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 4

۞ فَلۡيُقَٰتِلۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ يَشۡرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا بِٱلۡأٓخِرَةِۚ وَمَن يُقَٰتِلۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَيُقۡتَلۡ أَوۡ يَغۡلِبۡ فَسَوۡفَ نُؤۡتِيهِ أَجۡرًا عَظِيمٗا

Аллахтын жолунда, бул (оопасыз) дүйнөнүн ордуна (түбөлүк) Акыретти сатып ала тургандар согушсун! Кимде-ким Аллахтын жолунда согушуп, өлтүрүлсө же жеңип чыкса, Биз ага жакында чоң соопторду беребиз. info
التفاسير: