ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಶಂಸುದ್ದೀನ್ ಹಕೀಮೋವ್

ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ:close

external-link copy
60 : 4

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يَزۡعُمُونَ أَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوٓاْ إِلَى ٱلطَّٰغُوتِ وَقَدۡ أُمِرُوٓاْ أَن يَكۡفُرُواْ بِهِۦۖ وَيُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُضِلَّهُمۡ ضَلَٰلَۢا بَعِيدٗا

(О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн нерсеге (Куранга) жана сенден мурда түшүргөн нерселерге “ыйман келтирдик” деп ойлогон адамдарды карабайсыңбы?! Алар Тагуттан өкүм суроону каалап жатышат. Алар ага каапыр болууга буюрулган эле го?! Шайтан аларды (чындыктан) өтө алыс адаштырып кетүүнү самайт. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 4

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ إِلَىٰ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَإِلَى ٱلرَّسُولِ رَأَيۡتَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ يَصُدُّونَ عَنكَ صُدُودٗا

Эгер аларга “Аллах түшүргөн нерсеге (Куранга) жана пайгамбарга (Сүннөткө) келгиле” деп айтылса , алар, эки жүздүүлөр сенден чечкиндүү бурулуп баратканын көрөсүң. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 4

فَكَيۡفَ إِذَآ أَصَٰبَتۡهُم مُّصِيبَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ ثُمَّ جَآءُوكَ يَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ إِنۡ أَرَدۡنَآ إِلَّآ إِحۡسَٰنٗا وَتَوۡفِيقًا

Эми, аларга,ошол жасаган күнөөлөрү себептүү (Аллах тарабынан) бир кайгы жеткен соң, сага келип: “Кудай акы, биз бул ишибиз менен жакшылыкты жана оңдоону гана каалаганбыз”- деп (актанып) ант ичишкендери эмнеси?! info
التفاسير:

external-link copy
63 : 4

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ مَا فِي قُلُوبِهِمۡ فَأَعۡرِضۡ عَنۡهُمۡ وَعِظۡهُمۡ وَقُل لَّهُمۡ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ قَوۡلَۢا بَلِيغٗا

(Бирок), Аллах алардын жүрөктөрүндөгү (ыпылас) нерсени билет. Аларга көңүл бурбай эле кой. Алардын өздөрүнө (адашкандыктарын) жеткире сүйлөп, (Аллахтын өкүмдөрүнүн абзелдиги жөнүндө) насаат айт. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 4

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَلَوۡ أَنَّهُمۡ إِذ ظَّلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ جَآءُوكَ فَٱسۡتَغۡفَرُواْ ٱللَّهَ وَٱسۡتَغۡفَرَ لَهُمُ ٱلرَّسُولُ لَوَجَدُواْ ٱللَّهَ تَوَّابٗا رَّحِيمٗا

Биз ар бир пайгамбарды, Аллахтын уруксаты менен Ага моюн сунулуусу үчүн жибердик. Эгерде алар (тагутка өкүм сурап баруу менен) өздөрүнө залым кылып алган кезде (жалгандан ант ичпей,) сага келип, Аллахтан кечирим сурашса жана пайгамбар дагы алардын күнөөсүн кечирүүсүн сурап Аллахка дуба кылганда, Аллахты, тооболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү абалда табат эле. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 4

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيۡنَهُمۡ ثُمَّ لَا يَجِدُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَرَجٗا مِّمَّا قَضَيۡتَ وَيُسَلِّمُواْ تَسۡلِيمٗا

«Жок, Раббиңе ант, (Оо Мухаммад) алар өз ара талаш-тартышууларына сени өкүмдар кылмайынча жана сенин өкүмүңө, жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча (толук) ыймандуу боло алышпайт» info
التفاسير: