ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
11 : 87

وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى

Каапыр адам болсо насааттан алыстап, андан качат. Анткени ал акыретте тозокко киргени үчүн эң бактысыз адамдардан болот. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 87

ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ

Ал эбегейсиз чоң отко кирип, анын ысыктык азабын түбөлүк тартат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 87

ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ

Кийин ал тозокто түбөлүк калат. Ал жакта тарткан азаптан эс алыш үчүн өлбөйт жана татыктуу жакшы жашоодо да жашабайт. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 87

قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ

Ким ширктен жана күнөөлөрдөн тазаланса, анда ал максатына ийгиликтүү жетти. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 87

وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ

Ошондой эле шариятта келген түрлүү зикирлер менен Раббисин зикир кылса жана намазды талаптагыдай көрүнүштө толук аткарса (ийгиликке жетти). info
التفاسير:

external-link copy
16 : 87

بَلۡ تُؤۡثِرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا

Бирок силер дүйнө жашоосун акыреттен алдын коёсуңар жана ал экөөсүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан улам дүйнөнү андан артык көрөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 87

وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓ

Бирок акырет дүйнөдөн жана андагы жыргалчылыктардан жана ырахаттардан жакшыраак, артыгыраак жана түбөлүктүү. Анткени андагы жыргалчылыктар эч качан түгөнбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 87

إِنَّ هَٰذَا لَفِي ٱلصُّحُفِ ٱلۡأُولَىٰ

Чынында, Биз силерге айткан бул буйруктар жана кабарлар Курандан мурун түшкөн баракчаларда бар. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 87

صُحُفِ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ

Ал Ибрахим менен Мусага түшүрүлгөн баракчалар. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• أهمية تطهير النفس من الخبائث الظاهرة والباطنة.
Жан дүйнөнү ички жана сырткы жамандыктардан тазалоонун маанилүүлүгү. info

• الاستدلال بالمخلوقات على وجود الخالق وعظمته.
Жаратуучунун бар экенине жана Анын улуктугуна макулуктарды далил кылуу. info

• مهمة الداعية الدعوة، لا حمل الناس على الهداية؛ لأن الهداية بيد الله.
Даават кылуучунун милдети – адамдарды туура жолго салуу эмес, аларга даават кылуу. Анткени туура жолго салуу Аллахтын колунда. info