ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

Аьaла

គោល​បំណងនៃជំពូក:
تذكير النفس بالحياة الأخروية، وتخليصها من التعلقات الدنيوية.
Напсиге акыреттик жашоону эскертүү жана дүйнө азгырыктарынан ажыратуу. info

external-link copy
1 : 87

سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى

Жараткандарынан бийик болгон Раббиңди эскерип, Аны улуктаган кезде Анын ысымын айтып аруула! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 87

ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ

Ал инсанды түз турпатта жаратты жана тулку боюн тең салмакта кылды. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 87

وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ

Ал макулуктардын түрлөрүн, түркүмдөрүн жана сыпаттарын белгилеп, алардын ар бирин өзүнө ылайыктуу жана шайкеш келген нерсеге багыттады. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 87

وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ

Ал жерден силердин мал-жандыктарыңар оттогон жайыттарды чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 87

فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ

Кийин аны жапжашыл болгондон кийин кургаган бозомтук кара чөпкө айлантты. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 87

سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ

Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды окутабыз, аны көкүрөгүңө эч унутпай тургандай кылып топтойбуз. Сен эми буга чейин унутпай жаттап калайын деп аракет кылган сыяктуу Жебреил менен жарышып окуба. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 87

إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ

Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандык себептүү андан унуттурууну каалаган нерселерди гана унутасың. Чындыгында Ал ачыкты да, жашыруунду да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 87

وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ

Жана Биз сага Аллах ыраазы болгон, сени бейишке киргизген иш-аракеттерди кылууңду жеңил кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 87

فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ

Андыктан сен Курандагы вахий кылынган нерселер менен адамдарга насаат айт жана эскертмеге кулак салуу мүмкүн болсо эле аларга эскерте бер. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 87

سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ

Аллахтан корккон адамдар насааттарыңдан сабак алышат. Анткени ошолор насыйкаттан пайда алышат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• تحفظ الملائكة الإنسان وأعماله خيرها وشرها ليحاسب عليها.
Периштелер адамды жана анын жакшы жана жаман иш-аракеттерин сурак берүүсү үчүн коргошот. info

• ضعف كيد الكفار إذا قوبل بكيد الله سبحانه.
Аллахтын айла-амалынын жанында каапырлардын айла-амалынын алсыздыгы. info

• خشية الله تبعث على الاتعاظ.
Аллахтан коркуу насааттан пайда алууга түрткү берет. info