ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
26 : 76

وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَٱسۡجُدۡ لَهُۥ وَسَبِّحۡهُ لَيۡلٗا طَوِيلًا

Ошондой эле Аны күүгүмдөгү шам жана куптан намаздарын окуу менен эстегин жана ал экөөсүнөн кийин тахажуд намазын окугун. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 76

إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ يُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَآءَهُمۡ يَوۡمٗا ثَقِيلٗا

Чындыгында ал мушриктер дүйнө жашоосун жакшы көрүп, ага жанталашышат жана кыйынчылыктар, сыноолор менен коштолгон оор кыямат күнүн артка таштап коюшат. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 76

نَّحۡنُ خَلَقۡنَٰهُمۡ وَشَدَدۡنَآ أَسۡرَهُمۡۖ وَإِذَا شِئۡنَا بَدَّلۡنَآ أَمۡثَٰلَهُمۡ تَبۡدِيلًا

Биз аларды жараттык жана алардын дене мүчөлөрүнө жана муундарына күч берип, тулку бойлорун кубаттуу кылдык. Эгер Биз аларды жок кылууну жана өздөрүнө окшогондорго алмаштырууну кааласак, анда аларды жок кылып, алмаштырып коймокпуз. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 76

إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذۡكِرَةٞۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلٗا

Акыйкатта бул сүрөө – насыйкат жана эскертме. Ким Раббисинин ыраазылыгына жеткире турган жолго түшүүнү кааласа, анда муну кармансын. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 76

وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Аллах силерден ушуну каалаганда гана силер Анын ыраазылыгына жеткирген жолго түшүүнү каалайсыңар. Анткени бүткүл иштер Ага кайтат. Чындыгында Аллах пенделерине кайсы нерселер пайдалуу, кайсылары пайдасыз экенин Билүүчү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 76

يُدۡخِلُ مَن يَشَآءُ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ وَٱلظَّٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمَۢا

Ал каалаган пенделерин Өз ырайымына алып, аларга ыйманга жана жакшылык иштерге карай ийгилик берет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга акыретте кыйноочу тозок азабын даярдап койгон. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• خطر التعلق بالدنيا ونسيان الآخرة.
Дүйнөгө байлануунун жана акыретти унутуунун коркунучу. info

• مشيئة العبد تابعة لمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна баш ийет. info

• إهلاك الأمم المكذبة سُنَّة إلهية.
Жалганчы коомдорду жок кылуу – Аллахтын белгилеген жолу. info