ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
6 : 76

عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا عِبَادُ ٱللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفۡجِيرٗا

Моюн сунгандарга даярдалган бул суусундук ¬– сузуп алуусу жеңил болгон түгөнгүс мол булактан болот. Аны менен Аллахтын пенделери суусунун кандырышат. Алар аны каалаган жагына агыза алышат. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 76

يُوفُونَ بِٱلنَّذۡرِ وَيَخَافُونَ يَوۡمٗا كَانَ شَرُّهُۥ مُسۡتَطِيرٗا

Аны ичкен пенделердин сыпаттары, алар өздөрүнө милдет кылган ибадаттарды аткарышат жана жамандыгы жайылган кыямат күндөн коркушат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 76

وَيُطۡعِمُونَ ٱلطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ مِسۡكِينٗا وَيَتِيمٗا وَأَسِيرًا

Алар өздөрү тамак-ашка муктаж болуп жана табити тартып, каалап турушса дагы, аны муктаж кедей-кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга беришет. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 76

إِنَّمَا نُطۡعِمُكُمۡ لِوَجۡهِ ٱللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمۡ جَزَآءٗ وَلَا شُكُورًا

Аларды Аллахтын Жүзү үчүн гана тамактандырып жатышканын ичтерине сыр кылып жашырышат. Аларга берген тамак-аштары үчүн сыйлык да, мактоо да күтүшпөйт. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 76

إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوۡمًا عَبُوسٗا قَمۡطَرِيرٗا

Чындыгында биз коркунучтан улам бактысыздардын үрөйүн учурган күндөгү Раббибизден коркобуз. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 76

فَوَقَىٰهُمُ ٱللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمِ وَلَقَّىٰهُمۡ نَضۡرَةٗ وَسُرُورٗا

Аллах аларды Өз жакшылыгы менен ошол улуу күндүн жамандыгынан коргойт жана алардын жүзүнө сулуулук жана нур берет, сый-урматка бөлөйт жана жүрөктөрүнө кубаныч тартуулайт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 76

وَجَزَىٰهُم بِمَا صَبَرُواْ جَنَّةٗ وَحَرِيرٗا

Алар ибадаттарга, Аллахтын тагдырына жана күнөөлөргө сабыр кылышканы себептүү аларга жыргалчылыкка батырган бейишти жана алар кие турган жибекти тартуу кылды. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 76

مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِۖ لَا يَرَوۡنَ فِيهَا شَمۡسٗا وَلَا زَمۡهَرِيرٗا

Алар ал жакта кооз сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Алар ошол бейиште шооласы зыяндуу Күндү да, ызгаардуу суукту да көрүшпөйт. Тескерисинче, алар ысык да, суук да болбогон түбөлүк көлөкөлөрдө болушат. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 76

وَدَانِيَةً عَلَيۡهِمۡ ظِلَٰلُهَا وَذُلِّلَتۡ قُطُوفُهَا تَذۡلِيلٗا

Анын көлөкөлөрү ага жакын болот, анын мөмө-жемиштери үзүүнү каалагандарга ийилип турат. Ал аны кыйналбастан оңой эле үзүп алат. Аны жаткан, олтурган жана турган адам да үзө алат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 76

وَيُطَافُ عَلَيۡهِم بِـَٔانِيَةٖ مِّن فِضَّةٖ وَأَكۡوَابٖ كَانَتۡ قَوَارِيرَا۠

Алар суусундук каалашканда кызматчылар аларды күмүш идиштер жана тунук чөйчөктөр менен айланып турушат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 76

قَوَارِيرَاْ مِن فِضَّةٖ قَدَّرُوهَا تَقۡدِيرٗا

Ал өңүнүн тунуктугунда айнек сыяктуу, бирок ал күмүштөн. Ал алардын каалоосуна жараша ченемделген, андан ашып да, кемип да кетпейт. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 76

وَيُسۡقَوۡنَ فِيهَا كَأۡسٗا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا

Ал сый-урматка бөлөнгөндөргө чөйчөктөрдө имбир кошулган шарап берилет. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 76

عَيۡنٗا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلۡسَبِيلٗا

Алар бейиштеги Салсабил аттуу булактан ичишет. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 76

۞ وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيۡتَهُمۡ حَسِبۡتَهُمۡ لُؤۡلُؤٗا مَّنثُورٗا

Аларды түбөлүк жаштыкта болуучу улан-жигиттер айланып турушат. Эгер аларды көрсөң, жүздөрүнүн жаркыраганынан, өңдөрүнүн сулуулугунан, көптүгүнөн жана таркап жүргөндүгүнөн чачылган берметтерби деп ойлойсуң. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 76

وَإِذَا رَأَيۡتَ ثَمَّ رَأَيۡتَ نَعِيمٗا وَمُلۡكٗا كَبِيرًا

Эгер ошол бейиштеги нерселерге көз салсаң, анда сүрөттөөгө мүмкүн болбогондой жыргалчылыкты жана тендешсиз улуу мүлктү көрөсүң. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 76

عَٰلِيَهُمۡ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضۡرٞ وَإِسۡتَبۡرَقٞۖ وَحُلُّوٓاْ أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٖ وَسَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ شَرَابٗا طَهُورًا

Алардын үстүндө тулку бойлорун жапкан жука жибектен жана калың парчадан болгон саркеч жашыл кийимдер болот. Алар ал жакта күмүш билериктерди тагынышат жана Аллах аларга бүткүл булганычтан таза суусундук берет. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 76

إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمۡ جَزَآءٗ وَكَانَ سَعۡيُكُم مَّشۡكُورًا

Аларга сый-урмат катары айтылат: «Силерге берилген бул жыргалчылык – силердин кылган жакшылык иштериңердин сыйлыгы болду. Силердин иш-аракеттериңер Аллахтын алдында кабыл кылынды». info
التفاسير:

external-link copy
23 : 76

إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ تَنزِيلٗا

Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды чогу бир эле түшүрбөстөн, бөлүп-бөлүп түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 76

فَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعۡ مِنۡهُمۡ ءَاثِمًا أَوۡ كَفُورٗا

Андыктан сен тагдырга же шариятка байланыштуу Раббиңдин өкүм кылган нерселерге сабыр кыл жана сени күнөөгө чакырган күнөөкөргө, каапырлыкка чакырган каапырга моюн сунбагын! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 76

وَٱذۡكُرِ ٱسۡمَ رَبِّكَ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا

Жана Раббиңди күндүн башталышында багымдат намазын жана күндүн акырында бешим менен асыр намаздарын окуу менен эстегин. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الوفاء بالنذر وإطعام المحتاج، والإخلاص في العمل، والخوف من الله: أسباب للنجاة من النار، ولدخول الجنة.
Өзүнө милдет кылган ишти (назирди) аткаруу, муктажды тамактандыруу, иш-аракетти чын ыкластан кылуу жана Аллахтан коркуу – тозоктон кутулуунун себептеринен. info

• إذا كان حال الغلمان الذين يخدمونهم في الجنة بهذا الجمال، فكيف بأهل الجنة أنفسهم؟!
Бейиште кызмат кылган улан-жигиттердин турпаты эле ушунчалык сулуулукта болсо, анда бейиш ээлеринин өздөрү кандай? info