ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
20 : 75

كَلَّا بَلۡ تُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ

Жок! Бул нерсе силердин кайра тирилүү мүмкүн эмес деп айтканыңардай эмес. Анткени силер билесиңер, силерди абалдатан жаратууга кудуреттүү Зат, силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө алсыз эмес. Бирок силердин кайра тирилүүнү жалганга чыгарганыңардын себеби – тез өтүүчү дүйнө жашоосуна болгон сүйүүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 75

وَتَذَرُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ

Жана акырет жашоосун таштооңор. Анын жолу – Аллах буйруган ибадаттарды аткарып, Ал тыйган арам нерселерди таштаганыңар. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 75

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاضِرَةٌ

Ал күнү ыймандуу жана бактылуу адамдардын жүздөрү нурдуу болуп, жаркырап турат. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 75

إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٞ

Ырахаттануу менен Раббисине карап турат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 75

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذِۭ بَاسِرَةٞ

Ал эми ал күнү каапыр жана бактысыз адамдардын жүздөрү үңүрөйүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 75

تَظُنُّ أَن يُفۡعَلَ بِهَا فَاقِرَةٞ

Аларга чоң жаза жана кыйноочу азап түшөрүн билип турушат. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 75

كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِيَ

Бул жерде абал мушриктер өлгөндөн кийин азапталбайбыз деп элестеткендей эмес. Качан алардын биринин жаны көкүрөгүнүн жогору жагына жеткенде. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 75

وَقِيلَ مَنۡۜ رَاقٖ

Адамдар бири-бирине: «Ким буга дем салат, балким айыгып кетер» – айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 75

وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلۡفِرَاقُ

Ошол кезде жан алакетке түшкөн адам өлүм аркылуу дүйнө менен кош айтышып жатканын анык билет. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 75

وَٱلۡتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ

Дүйнөнүн бүтүшүндө жана акыреттин башталышында кыйынчылыктар биригет. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 75

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمَسَاقُ

Ошол нерсе болгондо, өлгөн адам Раббисине жеткирилет. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 75

فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ

Каапыр адам Анын элчиси алып келгенге ишенген жок, Аллах үчүн намаз да окуган жок. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 75

وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

Бирок ал Анын элчиси алып келгенди жалганга чыгарды жана андан жүз бурду. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 75

ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ

Андан соң бул каапыр текеберликтен бой көтөрүп басып үй-бүлөсүнө барды. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 75

أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰ

Аллах каапырга азабы жакын калганын эскертти. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 75

ثُمَّ أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰٓ

Андан соң тастыктоо максатта сүйлөмдү дагы бир ирет кайталап, мындай деди: «Андан соң дагы сага өлүм болсун, өлүм болсун!». info
التفاسير:

external-link copy
36 : 75

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَن يُتۡرَكَ سُدًى

Инсан Аллах ага шарият милдеттерин жүктөбөстөн, жөн эле таштап коёт деп ойлоп жатабы? info
التفاسير:

external-link copy
37 : 75

أَلَمۡ يَكُ نُطۡفَةٗ مِّن مَّنِيّٖ يُمۡنَىٰ

Ошол инсан бир кездерде жатынга куюлган бир тамчы бел суусу эмес беле? info
التفاسير:

external-link copy
38 : 75

ثُمَّ كَانَ عَلَقَةٗ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ

Ошондон кийин ал бир бүртүк коюу кан болду, кийин Аллах аны жаратып, ага түз келбет берди. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 75

فَجَعَلَ مِنۡهُ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ

Ошентип ал анын жынысын эркек жана аял кылып эки түрдө кылды. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 75

أَلَيۡسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰ

Инсанды бел суудан, кийин коюу кандан жараткан Зат сурак алуу, сыйлык же жаза берүү үчүн өлүктөрдү жаңыдан тирилтүүгө кудуреттүү эмес бекен? Албетте, кудуреттүү! info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• خطر حب الدنيا والإعراض عن الآخرة.
Дүйнөнү сүйүүнүн жана акыреттен жүз буруунун коркунучу. info

• ثبوت الاختيار للإنسان، وهذا من تكريم الله له.
Адамда ыктыяр бар экенин тастыктоо. Бул Аллахтын ага көргөзгөн сый-урматы. info

• النظر لوجه الله الكريم من أعظم النعيم.
Аллахтын асыл Жүзүн көрүү – эң улуу жакшылык. info