ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

Кыямат

គោល​បំណងនៃជំពូក:
إظهار قدرة الله على بعث الخلق وجمعهم يوم القيامة.
Калайыкты кайра тирилтүүдөгү жана Кыямат күнү аларды бир жерге топтоодогу Аллахтын кудуретин ачык билдирүү. info

external-link copy
1 : 75

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ

Аллах кыямат күнү менен ант берди. Ал күнү адамдар ааламдардын Раббиси үчүн турушат. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 75

وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ

Жана жакшылык иштерди кылууда кемчиликтерди кетирген жана күнөөлөрдү кылган адамды жемелеген жакшы жан менен ант берди. Ал адамдарды суракка алуу, сыйлыгын же жазасын берүү максатта аларды кайра тирилтүү үчүн бул эки нерсе менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 75

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ

Инсан өлгөндөн кийин Биз аны кайра тирилтүү үчүн сөөктөрүн чогулта албайбыз деп ойлоп жатабы? info
التفاسير:

external-link copy
4 : 75

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ

Албетте! Биз аны чогултуу менен бирге анын манжаларынын учтарын мурдагыдай кемчиликсиз жаралган калыбына кайрадан келтире алабыз. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 75

بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ

Бирок инсан кайра тирилүүнү четке кагуу менен бузукулугун токтотпостон улантууну каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 75

يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ

Ал кыямат күн болушу мүмкүн эмес дегендей: «Ал качан болот?» – деп сурайт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 75

فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ

Качан ал жалган деп айткан нерсени көргөн кезде көздөрү алаңдап, нес болуп калат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 75

وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ

Айдын нуру өчөт. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 75

وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ

Күн менен Ай биригет. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 75

يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ

Ошол күнү бузуку адам: «Кай жакка качам?» – деп айтат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 75

كَلَّا لَا وَزَرَ

Ал күнү качып кутулуу жок, бузуку адам баш калкалоочу жер жок, ал коргонуучу жай жок. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 75

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ

Оо, пайгамбар! Ал күнү сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн Раббиңе гана кайтуу бар. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 75

يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ

Ал күнү инсанга мурунку жана кийинки кылган иштери тууралуу кабар берилет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 75

بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٞ

Бирок инсан өзүнө каршы күбөгө өтөт. Анткени анын дене мүчөлөрү кылган күнөө иштери тууралуу ага каршы күбө болушат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 75

وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ

Эгерде ал жамандык иш кылбадым деп өз таламын талашып, ар кандай шылтоолорду айтса да, ага пайда келтирбейт. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 75

لَا تُحَرِّكۡ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعۡجَلَ بِهِۦٓ

Оо, пайгамбар! Куранды эсиңден чыгып кетпесин деп шашылып тилиңди кыймылдата бербе! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 75

إِنَّ عَلَيۡنَا جَمۡعَهُۥ وَقُرۡءَانَهُۥ

Чындыгында аны көкүрөгүңө топтоо жана кыраатын тилиңе жатык кылуу – Биздин милдетибиз. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 75

فَإِذَا قَرَأۡنَٰهُ فَٱتَّبِعۡ قُرۡءَانَهُۥ

Сага Биздин элчи Жебирейил (Курандан) окуганда, аны унчукпай ук. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 75

ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا بَيَانَهُۥ

Андан соң аны сага чечмелеп берүү да – Биздин милдетибиз. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• مشيئة العبد مُقَيَّدة بمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна гана байланыштуу. info

• حرص رسول الله صلى الله عليه وسلم على حفظ ما يوحى إليه من القرآن، وتكفّل الله له بجمعه في صدره وحفظه كاملًا فلا ينسى منه شيئًا.
Аллахтын элчисинин ага вахий кылынган Куранды жаттап калууга болгон аракеттенүүсү. Аллах аны көкүрөгүнө топтоп, эч нерсесин унутпастан толук жаттоосун Өз кепилдигине алды. info