ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
48 : 74

فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ

Кыяматта аларга периштелерден, пайгамбарлардан жана такыба адамдардан болгон шапаат кылуучулардын ортомчулугу пайдасын тийгизбейт. Анткени, шапааттын кабыл болуу шарттарынын бири – шапаат кылына турган адамга ыраазы болуу. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 74

فَمَا لَهُمۡ عَنِ ٱلتَّذۡكِرَةِ مُعۡرِضِينَ

Бул мушриктердин Курандан жүз буруусуна эмне себеп болду? info
التفاسير:

external-link copy
50 : 74

كَأَنَّهُمۡ حُمُرٞ مُّسۡتَنفِرَةٞ

Алар жүз бурууда жана андан качууда катуу үркүп качкан жапайы эшектер сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 74

فَرَّتۡ مِن قَسۡوَرَةِۭ

Арстандан коркуп качкан сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 74

بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفٗا مُّنَشَّرَةٗ

Тескерисинче, ал мушриктер ар биринин башында ачык китеп болушун жана ал «Мухаммад – Аллах тараптан келген элчи» деп кабар берүүсүн каалашат. Мунун себеби далилдердин аздыгынан же жоктугунан эмес, чындыгында ал баш ийбестиктен жана текеберликтен. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 74

كَلَّاۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ

Абал андай эмес! Мунун себеби алар адашуудан баш тартпаганында. Алар акырет азабына ишенбестен, каапырлыкта калышты. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 74

كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذۡكِرَةٞ

Чындыгында бул Куран – насыйкат жана эскертме эмеспи! info
التفاسير:

external-link copy
55 : 74

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ

Ким Куранды окуп, насаат алгысы келсе, аны окусун жана насаат алсын. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 74

وَمَا يَذۡكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ هُوَ أَهۡلُ ٱلتَّقۡوَىٰ وَأَهۡلُ ٱلۡمَغۡفِرَةِ

Бирок Аллах насаат алуусун каалагандар гана насаат алышат. Аллах таала Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоого татыктуу жана тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн кечирүүгө да татыктуу. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• مشيئة العبد مُقَيَّدة بمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна гана байланыштуу. info

• حرص رسول الله صلى الله عليه وسلم على حفظ ما يوحى إليه من القرآن، وتكفّل الله له بجمعه في صدره وحفظه كاملًا فلا ينسى منه شيئًا.
Аллахтын элчисинин ага вахий кылынган Куранды жаттап калууга болгон аракеттенүүсү. Аллах аны көкүрөгүнө топтоп, эч нерсесин унутпастан толук жаттоосун Өз кепилдигине алды. info