ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
19 : 74

فَقُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ

Каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?! info
التفاسير:

external-link copy
20 : 74

ثُمَّ قُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ

Дагы каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 74

ثُمَّ نَظَرَ

Андан соң ал айтканына назар салып ойлонуп көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 74

ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ

Кийин ал Куранды жамандаганга эч нерсе таппай калганда жүзүн тырыштырып, кабагын чытыды. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 74

ثُمَّ أَدۡبَرَ وَٱسۡتَكۡبَرَ

Андан соң ыймандан жүз бурду жана пайгамбарды ээрчүүдөн текеберленди. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 74

فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ يُؤۡثَرُ

Анан ал мындай деди: «Мухаммад алып келген нерсе Аллахтын сөзү эмес. Тескерисинче, ал башкалар ага айтып берген сыйкыр. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 74

إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا قَوۡلُ ٱلۡبَشَرِ

Бул Аллахтын сөзү эмес, бул адамдын сөзү». info
التفاسير:

external-link copy
26 : 74

سَأُصۡلِيهِ سَقَرَ

Мен аны жакында тозоктун катмарларын бири Сакарга киргизем, ал анын ысыктыгынан азап чегет. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 74

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سَقَرُ

Оо, Мухаммад! Сен Сакар эмне экенин кайдан билмек элең? info
التفاسير:

external-link copy
28 : 74

لَا تُبۡقِي وَلَا تَذَرُ

Ал андагы азапталгандын эч нерсесин калтырбайт. Ага сөзсүз келет, аны таштап койбойт. Кийин ал баштапкы абалына кайтканда, ага кайрадан келет. Мына ушинтип айлана берет. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 74

لَوَّاحَةٞ لِّلۡبَشَرِ

Терини катуу күйгүзөт жана өзгөртөт. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 74

عَلَيۡهَا تِسۡعَةَ عَشَرَ

Анын үстүндө он тогуз күзөтчү периштелер бар. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 74

وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ

Биз тозок сакчыларын периштелерден гана кылдык. Адамзаттын аларга күчү жетпейт. Биз, алардын санын Аллахка каапыр болгондорду сыноо үчүн ушундай кылдык. Биз, алар айтар сөзүн айтып, азаптары эселеп көбөйүүсү үчүн, Тоорот берилген жөөттөр менен Инжил берилген христиандар, алардын китептеринде айтылганды тастыктаган Куран түшкөн кезде айкын билүүлөрү үчүн, Китеп ээлеринин (кабары ыймандуулардын ишенимине) дал келгенде ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн, жөөттөр да, христиандар да, ыймандуулар да шектенбөөсү үчүн, ыйманга кирүүдө эки анжы болгондор жана каапырлар: «Аллах бул таң калыштуу сан менен эмнени каалап жатат?» – деп айтуулары үчүн ушундай кылдык. Бул санды жокко чыгаргандарды адаштыруу жана ага ишенгендерди туура жолго салган сыяктуу, Аллах каалаганын адаштырып, каалаганын туура жолго салат. Раббиңдин аскерлери көп болгондуктан, алардын санын Өзүнөн башка эч ким билбейт. Тозок адамзатка эскертүү гана, ал аркылуу адамдар Аллах тааланын улуктугун билишет. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 74

كَلَّا وَٱلۡقَمَرِ

Кээ бир мушриктер ойлогондой, аны шериктери тозоктон чыгарууга тозок сакчыларына жетиштүү деп айткандай эмес. Аллах Ай менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 74

وَٱلَّيۡلِ إِذۡ أَدۡبَرَ

Жана кайтып бараткан түнгө ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 74

وَٱلصُّبۡحِ إِذَآ أَسۡفَرَ

Жана жарык чачкан таңга ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 74

إِنَّهَا لَإِحۡدَى ٱلۡكُبَرِ

Чындыгында тозок оту чоң балээлердин бири. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 74

نَذِيرٗا لِّلۡبَشَرِ

Адамдар үчүн эскертүү жана коркутуу. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 74

لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ

Оо, адамдар! Силердин араңардагы Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылууга умтулууну же каапырлыктан жана күнөөлөрдөн кетенчиктөөнү каалагандар үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 74

كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ

Ар бир жан кылган иштери себептүү кармалып турат. Же кылган иштери аны жок кылат, же аны кыйроодон куткарып, сактап калат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 74

إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ

Ыймандуулар гана күнөөлөрү үчүн кармалышпайт. Тескерисинче, алар жакшылык иштери себептүү күнөөлөрү кечирилет. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 74

فِي جَنَّٰتٖ يَتَسَآءَلُونَ

Алар кыямат күнү бейиштерде бири-биринен сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 74

عَنِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

Күнөө иштерди кылып өздөрүн кыйроого учураткан каапырлар тууралуу. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 74

مَا سَلَكَكُمۡ فِي سَقَرَ

Алардан: «Силерди тозокко эмне киргизди?» – деп сурашат. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 74

قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ

Каапырлар мындай деп жооп беришет: «Биз дүйнө жашоосунда парз намазды окугандардан эмес элек. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 74

وَلَمۡ نَكُ نُطۡعِمُ ٱلۡمِسۡكِينَ

Жана Аллах бизге берген нерселерден бей-бечараларды тамактандырган эмеспиз. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 74

وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ

Биз жалганчылар кайда жүрсө, ошолор менен чогу жүрдүк жана адашкандар менен сүйлөшчүбүз. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 74

وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ

Жана сурак күндү жалган деп айтчубуз. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 74

حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلۡيَقِينُ

Бизге өлүм келгенге чейин аны жалганга чыгаруудан баш тартпадык жана ал бизге тообо кылууга тоскоолдук кылды». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• خطورة الكبر حيث صرف الوليد بن المغيرة عن الإيمان بعدما تبين له الحق.
Текеберликтин коркунучу, анткени ал Валид ибн аль-Мугийрага чындык ачык болгондон кийин ыймандан баш тартуусуна себеп болду. info

• مسؤولية الإنسان عن أعماله في الدنيا والآخرة.
Адамдын кылган иш-аракеттери үчүн дүйнөдөгү жана акыреттеги жоопкерчилиги. info

• عدم إطعام المحتاج سبب من أسباب دخول النار.
Муктаждарга тамак-аш бербестик тозокко кирүүнүн себептеринен. info