ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
12 : 58

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَٰجَيۡتُمُ ٱلرَّسُولَ فَقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيۡ نَجۡوَىٰكُمۡ صَدَقَةٗۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ لَّكُمۡ وَأَطۡهَرُۚ فَإِن لَّمۡ تَجِدُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сырдашууну каалаган сахабалар көбөйгөндө, Аллах Таала: "О, ыйман келтиргендер! Эгерде пайгамбар менен жеке сүйлөшүүнү кааласаңар, анда аны менен сүйлөшүүдөн мурда садага бергиле. Ошентип алдын ала садага берүү – силер үчүн жакшыраак жана тазараак. Анткени, мында Аллахка жүрөктөрдү тазарткан баш ийүү бар. Эгер садага бергенге эч нерсе таппасаңар, анда аны менен жекече сүйлөшүүңөр күнөө эмес. Чынында, Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Ал пенделеринин моюнуна күчү жетпеген ишти жүктөгөн жок. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 58

ءَأَشۡفَقۡتُمۡ أَن تُقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيۡ نَجۡوَىٰكُمۡ صَدَقَٰتٖۚ فَإِذۡ لَمۡ تَفۡعَلُواْ وَتَابَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ

Пайгамбар менен жекече сүйлөшүүңөр үчүн алдын ала берген садакаңар себептүү кедейликтен корктуңарбы? Аллахтын бул тууралуу берген буйругун аткара албасаңар жана Аллах силерге аны таштоого уруксат берип, тообоңорду кабыл кылса, анда намазды толук түрдө аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Аллах силердин кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 58

۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ تَوَلَّوۡاْ قَوۡمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مَّا هُم مِّنكُمۡ وَلَا مِنۡهُمۡ وَيَحۡلِفُونَ عَلَى ٱلۡكَذِبِ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ

Оо, пайгамбар! Каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү Аллахтын каарына калган жөөттөр менен достошуп жүргөн эки жүздүүлөргө карабайсыңбы? Эки жүздүүлөр ыймандуулардан эмес, жөөттөрдөн да эмес. Алар буларга да, тигилерге да тиешеси жок ара жолдо жүргөндөр. Алар мусулманбыз деп касам ичишип, мусулмандардын кабарларын жөөттөргө жеткиришет. Алар ичкен касамында жалганчылар. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 58

أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمۡ عَذَابٗا شَدِيدًاۖ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Аллах акыретте аларга катуу азапты даярдап койган. Алар тозоктун эң төмөнкү кабатына киришет. Алардын дүйнөдө кылган каапырлык иштери кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
16 : 58

ٱتَّخَذُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ جُنَّةٗ فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ

Алар берген анттарын каапырлык себептүү өлтүрүлбөш үчүн коргонуч кылып алышты. Анткени алар өз канын жана мал-мүлкүн коргош максатта аны менен сыртынан Исламды көрсөтүшөт жана адамдарды акыйкаттан бурушат. Анткени бул нерседе мусулмандарды алсыратуу жана аларга бут тосуу бар. Алар үчүн кордукка салуучу азап даярдалган. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 58

لَّن تُغۡنِيَ عَنۡهُمۡ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔاۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Аларга Аллахтын алдында мал-мүлктөрү жана бала-чакасы эч пайда келтирбейт. Мына ошолор тозок ээлери. Алар ал жакка кирип, түбөлүк калышат. Алардын азабы токтотулбайт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 58

يَوۡمَ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعٗا فَيَحۡلِفُونَ لَهُۥ كَمَا يَحۡلِفُونَ لَكُمۡ وَيَحۡسَبُونَ أَنَّهُمۡ عَلَىٰ شَيۡءٍۚ أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ

Ал күнү Аллах аларды жазалоо үчүн бирин да калтырбай кайра тирилтет. Ошондо алар каапырлыкта жана эки жүздүүлүктө болбостон, Аллахты ыраазы кылган иштерди аткарган ыймандуулардай Аллахка касам ичишет. Оо, ыймандуулар! Алар дүйнөдө силерге «биз мусулманбыз» деп касам ичкендей, акыретте да Аллахка касам ичишет. Алар Аллах үчүн ичкен бул касамдары аларга пайда келтирет же аларды зыяндан коргойт деп ойлошот. Мына ошолор дүйнөдө жана акыретте айткан касамдарында чыныгы жалганчылар эмеспи! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 58

ٱسۡتَحۡوَذَ عَلَيۡهِمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ فَأَنسَىٰهُمۡ ذِكۡرَ ٱللَّهِۚ أُوْلَٰٓئِكَ حِزۡبُ ٱلشَّيۡطَٰنِۚ أَلَآ إِنَّ حِزۡبَ ٱلشَّيۡطَٰنِ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ

Шайтан аларды баш ийдирип, өз азгырыгы менен Аллахты эстөөнү унуттурду. Алар Ал ыраазы болгон иштерди кылышкан жок. Тескерисинче, Анын каарын келтирген иштерди кылышты. Мына ушундай сыпаттагы адамдар – Иблистин аскери жана аны ээрчигендер. Иблисти жана аны ээрчигендер, мына ошолор дүйнөдө жана акыретте кыйроого учурагандар эмеспи! Анткени алар акыйкатты адашууга сатты жана бейишти тозокко сатты. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 58

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡأَذَلِّينَ

Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, Аллах бул дүйнөдө жана акыретте кор кылгандардын жана кордукка туш болгон каапыр коомдордун катарында. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 58

كَتَبَ ٱللَّهُ لَأَغۡلِبَنَّ أَنَا۠ وَرُسُلِيٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٞ

Аллах абалкы илиминде: «Мен жана Менин элчилерим далил жана күч-кубаттуулук менен душмандардын үстүнөн сөзсүз жеңишке жетебиз» – деп жазып койгон. Чындыгында Аллах өз элчилерине жардам берүүгө Кубаттуу, душмандарынан өч алууга Кудуреттүү. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• لطف الله بنبيه صلى الله عليه وسلم؛ حيث أدَّب صحابته بعدم المشقَّة عليه بكثرة المناجاة.
Аллахтын пайгамбарына болгон мээримдүүлүгү. Анткени Ал анын сахабаларын жекече көп сүйлөшүп, ага кыйынчылык жаратпасын деп тарбиялап койду. info

• ولاية اليهود من شأن المنافقين.
Жөөттөр менен достошуу – эки жүздүүлөрдүн иши. info

• خسران أهل الكفر وغلبة أهل الإيمان سُنَّة إلهية قد تتأخر، لكنها لا تتخلف.
Каапырлардын кыйроого учурашы жана ыймандуулардын жеңишке жетиши – Аллахтын белгилеген жолу. Ал кечигиши мүмкүн, бирок болбой коюушу мүмкүн эмес. info