ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
7 : 58

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ مَا يَكُونُ مِن نَّجۡوَىٰ ثَلَٰثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمۡ وَلَا خَمۡسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمۡ وَلَآ أَدۡنَىٰ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمۡ أَيۡنَ مَا كَانُواْۖ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُواْ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ

Оо, пайгамбар! Аллах асмандардагы жана жердеги нерселерди билет экенин билбейсиңби? Ал экөөсүндөгү эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Үч адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын төртүнчүсү болот. Беш адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын алтынчысы болот. Андан аз санда болобу, көп санда болобу, алар кайда болушпасын, Ал Өзү илими менен алар менен бирге. Андан кийин кыямат күнү Ал алардын кылгандары тууралуу кабар берет. Чындыгында Аллах бардык нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 58

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نُهُواْ عَنِ ٱلنَّجۡوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُواْ عَنۡهُ وَيَتَنَٰجَوۡنَ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِۖ وَإِذَا جَآءُوكَ حَيَّوۡكَ بِمَا لَمۡ يُحَيِّكَ بِهِ ٱللَّهُ وَيَقُولُونَ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ لَوۡلَا يُعَذِّبُنَا ٱللَّهُ بِمَا نَقُولُۚ حَسۡبُهُمۡ جَهَنَّمُ يَصۡلَوۡنَهَاۖ فَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ

Оо, пайгамбар! Ыймандуу адамды көргөндө өз ара жашыруун сүйлөшкөн жөөттөрдү көрбөдүңбү? Аллах аларды жашыруун сүйлөшүүдөн тыйган эле. Бирок кийин алар Аллахтын тыйган нерсесине кайра кайтышты жана ыймандууларды ушактоо, аларга душмандык кылуу, пайгамбарга баш ийбестик кылуу сыяктуу күнөө иштерди ич ара жашыруун сүйлөштү. Оо, пайгамбар! Качан алар сага келгенде, алар Аллахтын сага айткан саламынан башкача саламды айтышат. Бул алардын «ассааму алейка (сага өлүм болсун)» деген сөзү. Жана алар пайгамбарды жалганга чыгарып: «Аллах бизди бул айткан сөзүбүз үчүн жазалабайт беле? Эгер ал пайгамбармын деген сөзүндө чынчыл болсо, анда Аллах бизди ал тууралуу айткан сөзүбүз үчүн жазаламак» – деп айтышат. Алардын айткан сөздөрүнүн жазасына тозок жетиштүү. Алар анын ысык азабын тартышат. Алардын бара турган жайы кандай жаман жай! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 58

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا تَنَٰجَيۡتُمۡ فَلَا تَتَنَٰجَوۡاْ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَتَنَٰجَوۡاْ بِٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِيٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Жөөттөргө окшобошуңар үчүн күнөөнү же душмандыкты же пайгамбарга карата баш ийбестикти камтыган нерселер тууралуу ич ара жашыруун сүйлөшпөгүлө! Аллахка моюн сунууну жана Ага баш ийбестиктикти тыюуну камтыган нерселерди жашыруун сүйлөшкүлө! Жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Силер кыямат күнү сурак жана сыйлык-жаза үчүн жалгыз Ага гана чогултуласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 58

إِنَّمَا ٱلنَّجۡوَىٰ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ لِيَحۡزُنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَلَيۡسَ بِضَآرِّهِمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Чындыгында өзүнө күнөөнү, душмандыкты жана пайгамбарга болгон баш ийбестикти камтыган жашыруун сөздөр – шайтандын ыймандууларга каршы жаман иш болот деп аларды ойго салыш үчүн өзүнүн жан жөкөрлөрүнө кооз кылып көрсөтүүсү жана азгырыгы. Шайтан жана анын кооз кылып көргөзүүсү Аллахтын каалоосу болмоюнча ыймандууларга эч кандай зыян келтирбейт. Ыймандуулар бардык иштеринде Аллахка гана таянышат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 58

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَكُمۡ تَفَسَّحُواْ فِي ٱلۡمَجَٰلِسِ فَٱفۡسَحُواْ يَفۡسَحِ ٱللَّهُ لَكُمۡۖ وَإِذَا قِيلَ ٱنشُزُواْ فَٱنشُزُواْ يَرۡفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَٰتٖۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге «ордуңардан жылышкыла» деп айтылса, анда жылышкыла. Ошондо Аллах силерге дүйнө жашооңордо жана акыретте орун берет. Эгер силерге «кадырлуу адамдар олтурсун үчүн ордуңарды бошоткула» деп айтылса, анда ордуңарды бошоткула. Аллах таала силердин араңардагы ыйман келтиргендердин жана илим берилгендердин даражасын көтөрүп коёт. Аллах силердин кылган нерселериңерден кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• مع أن الله عالٍ بذاته على خلقه؛ إلا أنه مطَّلع عليهم بعلمه لا يخفى عليه أي شيء.
Аллах Өзү жараткан нерселерден Заты менен бийик болсо да, аларды Өз илими менен билип турат. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. info

• لما كان كثير من الخلق يأثمون بالتناجي أمر الله المؤمنين أن تكون نجواهم بالبر والتقوى.
Качан адамдардын сырларын ачуу аркылуу күнөөкөр болушканда, Аллах ыймандууларга сырлары жакшылык жана такыбалык тууралуу болсун деп буйруду. info

• من آداب المجالس التوسيع فيها للآخرين.
Башкаларга орун берүү – отурумдун адептеринен. info