ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
52 : 51

كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُواْ سَاحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٌ

Меккеликтер (пайгамбарды) жалганга чыгарган сыяктуу мурдакы коомдор деле жалганга чыгарышкан. Аллах тарбынан кандай элчи келсе да, «ал жалганчы» же «жинди» - деп айтышкан. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 51

أَتَوَاصَوۡاْ بِهِۦۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ طَاغُونَ

Мурдакы жана кийинки каапырлар элчилерди жалганга чыгарууга бири-бирине осуят кылышты беле?! Жок, алардын баары (каапырлыкта) чектеринен ашкан элдер. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 51

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٖ

Оо, элчи! Ал жалганга чыгаргандардан жүз бургун. Ага сен айыптуу эмессиң. Чынында сен аларга жиберилген нерсени жеткирдиң. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 51

وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Алардан жүз бурууң аларга насаат кылып, эскертүүдөн тосуп койбосун. Аларга насаат айтып, эскерткин! Анткени, эскертүү Аллахка ыйман келтиргендерге пайда берет. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 51

وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ

Жин менен инсанды жалгыз Мага гана ибадат кылуулары үчүн жараттым. Мага шерик кошуулары үчүн жаратпадым. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 51

مَآ أُرِيدُ مِنۡهُم مِّن رِّزۡقٖ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطۡعِمُونِ

Алардан ырыскы да Мени тамактандырууларын да каалабаймын. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 51

إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلۡقُوَّةِ ٱلۡمَتِينُ

Чынында, Аллах пенделерине ырыскы берүүчү, жаралгандын баары Анын ырыскысына муктаж. Ал эч ким жана эч нерсе үстөм боло албаган бекем кубат ээси. Жин жана инсандардын баары Анын кубатына баш ийишет. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 51

فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذَنُوبٗا مِّثۡلَ ذَنُوبِ أَصۡحَٰبِهِمۡ فَلَا يَسۡتَعۡجِلُونِ

Оо, элчи, сени жалганчыга чыгарып, өз жандарына зулумдук кылгандарга өздөрүнөн мурдакы шериктеринин үлүшүндөй азаптан болгон үлүштөрү бар. Анын белгиленген убактысы бар. Убактысы келмейинче аны Менден эртелетүүнү талап кылышпасын! info
التفاسير:

external-link copy
60 : 51

فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن يَوۡمِهِمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ

Аллахка каапыр болуп, элчилерин жалганга чыгарган адамдарга аларга азап түшүүсү убада кылынган Кыямат Күндө өлүм, зыянга учуроо болсун! info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الكفر ملة واحدة وإن اختلفت وسائله وتنوع أهله ومكانه وزمانه.
Каапырлыктын себептери, эли, орду жана убактысы башка-башка болгонуна карабай, ал бир эле нерсе. info

• شهادة الله لرسوله صلى الله عليه وسلم بتبليغ الرسالة.
Аллахтын, элчисинин динди жеткиргендигине күбөлүккө өтүүсү. info

• الحكمة من خلق الجن والإنس تحقيق عبادة الله بكل مظاهرها.
Жин жана инсанды жаратуунун хикматы (максаты, себеби) Аллахка сыйынууну ишке ашыруу. info

• سوف تتغير أحوال الكون يوم القيامة.
Кыямат күнү бул ааламдын абалы өзгөрөт. info