ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
7 : 51

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡحُبُكِ

Аллах жолдору бар кооз жаратылган асман менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 51

إِنَّكُمۡ لَفِي قَوۡلٖ مُّخۡتَلِفٖ

Эй, Мекке калкы! Силердин айткан сөзүңөр бири-бирине каршы келет, кээде «Куран сыйкыр» дейсиңер, кээде аны «поэзия» дейсиңер, кээде «Мухаммад сыйкырчы» дейсиңер, кээде аны акын дейсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 51

يُؤۡفَكُ عَنۡهُ مَنۡ أُفِكَ

Куранга жана пайгамбарга ыйман келтирүүдөн бурулган адам Аллахтын илиминде да андан бурулган. Анткени Ал анын ыйман келтирбесин билген. Ошондуктан ага туура жолго түшүүгө ийгилик берген жок. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 51

قُتِلَ ٱلۡخَرَّٰصُونَ

Куран жана пайгамбар тууралуу ар кандай сөздөрдү айткан жалганчыларга каргыш болсун! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 51

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي غَمۡرَةٖ سَاهُونَ

Алар акырет жайы тууралуу бейкапар наадандыкта, ага көңүл да бурушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 51

يَسۡـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلدِّينِ

Алар: «Жаза жана сыйлык күн качан?» – деп сурашат. Бирок ал үчүн эч кандай аракет деле кылышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 51

يَوۡمَ هُمۡ عَلَى ٱلنَّارِ يُفۡتَنُونَ

Аллах алардын суроосуна жооп кылып айтты: «Алар тозокто азапталган күн». info
التفاسير:

external-link copy
14 : 51

ذُوقُواْ فِتۡنَتَكُمۡ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ

Аларга: «Азабыңарды тарткыла! Силерге эскертилген кезде аны эртелет деп шылдыңдап сураганыңар – мына ушул» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 51

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор кыямат күнү бакчаларда жана агып туруучу булактарда болушат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 51

ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُحۡسِنِينَ

Алар Раббиси берген улуу сыйлыкты алышат. Анткени алар бул улуу сыйлыкка чейин дүйнөдө жакшылыктарды кылгандар эле. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 51

كَانُواْ قَلِيلٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مَا يَهۡجَعُونَ

Алар түндөсү намаз окуп, аз гана убакыт укташат эле. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 51

وَبِٱلۡأَسۡحَارِ هُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ

Ал эми таң заарларда күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сурашат эле. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 51

وَفِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ

Алар сурап келген адамга жана кандайдыр бир себептертен улам ырыскысынан куру калса да сурай албаган адамдарга мал-мүлкүнөн ыктыярдуу түрдө алардын акысын берчи. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 51

وَفِي ٱلۡأَرۡضِ ءَايَٰتٞ لِّلۡمُوقِنِينَ

Жерде жана Аллах ага жайгаштырган тоолордо, деңиздерде, дарыяларда, бак-дарактарда, өсүмдүктөрдө жана жаныбарларда Аллах келбет Берүүчү, Жаратуучу деп терең ишенгендер үчүн Анын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 51

وَفِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ

Оо, адамдар! Өзүңөрдө да Аллахтын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар. Сабак алыш үчүн назар салбайсыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
22 : 51

وَفِي ٱلسَّمَآءِ رِزۡقُكُمۡ وَمَا تُوعَدُونَ

Асманда силердин дүйнөгө жана динге байланыштуу ырыскыңар бар жана силерге убада кылынган жакшылыктар же жамандыктар бар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 51

فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِنَّهُۥ لَحَقّٞ مِّثۡلَ مَآ أَنَّكُمۡ تَنطِقُونَ

Асман менен жердин Раббисине ант! Чындыгында кайра тирилүү силердин сүйлөп жатканыңардай эле шек-күмөнсүз акыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 51

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ

О, пайгамбар! Сага Ибрахимге сыйлуу конок болуп келген периштелер тууралуу кабар берилдиби? info
التفاسير:

external-link copy
25 : 51

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗاۖ قَالَ سَلَٰمٞ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ

Качан алар анын үстүнө киршкенде: «Салам» – дешти. Ибрахим аларга: «Салам» – алик алып, ичинен: «Булар бейтааныш адамдар го» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 51

فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجۡلٖ سَمِينٖ

Ал үй-бүлөсүнө жашыруун барып, ал жактан толук семиз музоону алып келди. Ал аларды адамзат деп ойлогон. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 51

فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيۡهِمۡ قَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ

Анан музоону аларга жакындатып, жумшактык менен кайрылып: «Алдыңарга коюлган тамактаң жебейсиңерби?» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 51

فَأَوۡجَسَ مِنۡهُمۡ خِيفَةٗۖ قَالُواْ لَا تَخَفۡۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ

Алардын жебегенин көргөндө ичинен коркуп кетти. Алар аны сезип, анын көңүлүн тынчтантып: «Коркпо! Биз Аллахтын алдынан келген элчилербиз» – дешти. Жана ага көптөгөн илимге ээ болгон перзенттүү балалуу болорун сүйүнчүлөштү. Ал сүйүнчүлөнгөн бала Исхак болчу. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 51

فَأَقۡبَلَتِ ٱمۡرَأَتُهُۥ فِي صَرَّةٖ فَصَكَّتۡ وَجۡهَهَا وَقَالَتۡ عَجُوزٌ عَقِيمٞ

Качан анын аялы сүйүнчүнү укканда кубанганынан кыйкырып келип, өзүн жүзүнө чапкылап, таң калган абалда: «Кемпир дагы төрөйбү?» – деди. Ал буга чейин төрөгөн эмес эле. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 51

قَالُواْ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡعَلِيمُ

Ага периштелер айтышты: «Биз сага айткан кабарды Раббиң Өзү айтты. Ал эмнени айтса, аны эч ким кайтара албайт. Чындыгында Ал жаратуусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман, пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• إحسان العمل وإخلاصه لله سبب لدخول الجنة.
Аллах үчүн чын ыкластан жакшылык иштерди кылуу бейишке кирүүгө себеп болот. info

• فضل قيام الليل وأنه من أفضل القربات.
Түнкү намаздын артыкчылыгы жана ал Аллахка жакындаткан иштердин эң жакшысы. info

• من آداب الضيافة: رد التحية بأحسن منها، وتحضير المائدة خفية، والاستعداد للضيوف قبل نزولهم، وعدم استثناء شيء من المائدة، والإشراف على تحضيرها، والإسراع بها، وتقريبها للضيوف، وخطابهم برفق.
Конок тосуунун адептеринен – саламдын эң жакшы түрү менен алик алуу, билгизбей дасторкон жаюу, конок келгенге чейин даярдык көрүү, дасторконго баарын коюу, анын даярдыгына баш көз болуу, тездетүү, конокко жакын коюу жана аларга сылык сүйлөө. info