ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
40 : 44

إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ مِيقَٰتُهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кыла турган кыямат күн – Аллах бүт макулуктарды чогултуу үчүн белгилеген убакыт. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 44

يَوۡمَ لَا يُغۡنِي مَوۡلًى عَن مَّوۡلٗى شَيۡـٔٗا وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ

Ал күндө жакын жакынына, дос досуна пайда келтире албайт жана алар өздөрүн Аллахтын азабынан коргой алышпайт. Анткени ал күндө бийлик Аллахка гана таандык болот. Эч ким ага ээ экендигин айтып чыга албайт. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 44

إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Аллах ырайым кылган адамдар гана кылган жакшылык иштеринен пайда алышат. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 44

إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ

Аллах тозоктун түбүндө өстүргөн Заккум дарагы. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 44

طَعَامُ ٱلۡأَثِيمِ

Чоң күнөө кылгандын тамак-ашы. Ал каапыр анын жийиркеничтүү мөмөсүнөн жейт. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 44

كَٱلۡمُهۡلِ يَغۡلِي فِي ٱلۡبُطُونِ

Ал мөмө капкара майдай, ал катуу ысыгандыктан алардын курсагында кайнайт. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 44

كَغَلۡيِ ٱلۡحَمِيمِ

Өтө ысык суунун кайнаганы сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 44

خُذُوهُ فَٱعۡتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ

Тозоктун сакчыларына айтылат: «Аны кармагыла да, канкордук менен тозоктун ортосуна сүйрөп баргыла. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 44

ثُمَّ صُبُّواْ فَوۡقَ رَأۡسِهِۦ مِنۡ عَذَابِ ٱلۡحَمِيمِ

Анан бул азапталгандын төбөсүнө кайнак суу куйгула. Ал азаптан кутулбайт». info
التفاسير:

external-link copy
49 : 44

ذُقۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡكَرِيمُ

Ага шылдың иретинде айтылат: «Бул кыйноочу азапты тарт! Сен өз элиңде эч кандай зыян тартпаган кадырлуу эмес белең». info
التفاسير:

external-link copy
50 : 44

إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمۡتَرُونَ

Чындыгында силер кыямат күнү боло турган бул азаптан шектенгенсиңер. Эми силер аны көргөнүңөрдөн кийин шек-күмөнүңөр жоголду. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 44

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي مَقَامٍ أَمِينٖ

Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыба адамдар эч кандай жамандык жетпеген бейпил жайларда болушат. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 44

فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ

Бакчаларда жана аккан булактарда. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 44

يَلۡبَسُونَ مِن سُندُسٖ وَإِسۡتَبۡرَقٖ مُّتَقَٰبِلِينَ

Алар бейиште жука жана калың жибек кийимдерди кийип, бири экинчисинин артын көрбөгүдөй бет-маңдай олтурушат. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 44

كَذَٰلِكَ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ

Биз аларды бул айтылгандар менен сыйлаганыбыз сыяктуу аларды бейиште көзүнүн карасы капкара, агы аппак болгон бакыраң көз чырайлуу аялдарга үйлөндүрөбүз. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 44

يَدۡعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ

Алар ал жайда кызматчыларын чакырып, өздөрү каалаган түгөнгүс жана зыянсыз мөмө-жемиштерди алдырышат. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 44

لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلۡمَوۡتَ إِلَّا ٱلۡمَوۡتَةَ ٱلۡأُولَىٰۖ وَوَقَىٰهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ

Ал жакта түбөлүк калышат. Алар дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт. Аллах аларды тозок азабынан коргойт. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 44

فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكَۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Бул Раббиңден болгон айкөлдүк жана жакшылык! Аларды бейишке киргизүү жана тозоктон коргоо сыяктуу бул айтылган нерселер – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 44

فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды алар эскерме алышар бекен деп сен сүйлөгөн араб тилинде түшүрүп жеңил кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 44

فَٱرۡتَقِبۡ إِنَّهُم مُّرۡتَقِبُونَ

Эми сен жеңишиңди жана алардын кыйроосун күт. Алар дагы сенин кыйрооңду күтүп жатышат. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الجمع بين العذاب الجسمي والنفسي للكافر.
Дене менен жандын бирдей азапталуусу каапыр үчүн болот. info

• الفوز العظيم هو النجاة من النار ودخول الجنة.
Тозоктон кутулуп, бейишке кирүү – улуу жеңиш. info

• تيسير الله لفظ القرآن ومعانيه لعباده.
Аллах Курандын сөздөрүн жана маанилерин пенделери үчүн жеңил кылуусу. info