ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
22 : 28

وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلۡقَآءَ مَدۡيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يَهۡدِيَنِي سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ

Качан ал Мадянды көздөй бет алып жөнөгөндө: «Балким Аллах мени эң жакшы жолго жолдойт чыгар. Анан мен андан адашпайм» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 28

وَلَمَّا وَرَدَ مَآءَ مَدۡيَنَ وَجَدَ عَلَيۡهِ أُمَّةٗ مِّنَ ٱلنَّاسِ يَسۡقُونَ وَوَجَدَ مِن دُونِهِمُ ٱمۡرَأَتَيۡنِ تَذُودَانِۖ قَالَ مَا خَطۡبُكُمَاۖ قَالَتَا لَا نَسۡقِي حَتَّىٰ يُصۡدِرَ ٱلرِّعَآءُۖ وَأَبُونَا شَيۡخٞ كَبِيرٞ

Качан ал Мадяндын суу алган жайына жеткенде бир топ адамдар малдарын сугарып жатышканын көрдү. Алардан нарыраак жерде эки аялды көрдү, алар адамдар сугарып бүткүчө койлорун суудан тосуп жатышты. Муса ал экөөсүнө: «Силер адамдар менен кошо сугарбай эмне турасыңар?» – деди. Ал экөөсү айтты: «Биз буларга аралашуудан сактаныш үчүн адатта койчумандар сугарып кеткенге чейин күтүп турабыз. Атабыз болсо улгайып калган кары адам. Ал сугара албайт. Анан биз койлорду өзүбүз келип сугарганга мажбурбуз». info
التفاسير:

external-link copy
24 : 28

فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰٓ إِلَى ٱلظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَآ أَنزَلۡتَ إِلَيَّ مِنۡ خَيۡرٖ فَقِيرٞ

Анан ал ал экөөсүнө боору ооруп, койлорун сугарып берди. Андан соң көлөкөгө барып эс алды. Жана Раббисине өз муктаждыгын айтып: «Оо, Раббим! Чындыгында Сен мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын» – деп дуба кылды. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 28

فَجَآءَتۡهُ إِحۡدَىٰهُمَا تَمۡشِي عَلَى ٱسۡتِحۡيَآءٖ قَالَتۡ إِنَّ أَبِي يَدۡعُوكَ لِيَجۡزِيَكَ أَجۡرَ مَا سَقَيۡتَ لَنَاۚ فَلَمَّا جَآءَهُۥ وَقَصَّ عَلَيۡهِ ٱلۡقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفۡۖ نَجَوۡتَ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Ал экөөсү барып атасына ал тууралуу айтышты. Ошондо бирөөсүн аны чакырып келгенге жиберди. Ал ага уялып басып келип: «Атам сизди бизге сугарышканыңыз үчүн сыйлайм деп чакырып жатат» – деди. Муса алардын атасына келип, башынан өткөндөрдү айтып бергенде ал аны жоошута: «Коркпо! Сен Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү болгон заалым коомдон кутулдуң. Алар Мадиянда бийлик кылышпайт. Эми алар сага эч кандай зыян келтире алышпайт» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 28

قَالَتۡ إِحۡدَىٰهُمَا يَٰٓأَبَتِ ٱسۡتَـٔۡجِرۡهُۖ إِنَّ خَيۡرَ مَنِ ٱسۡتَـٔۡجَرۡتَ ٱلۡقَوِيُّ ٱلۡأَمِينُ

Эки кызынын бирөөсү айтты: «Оо, атаке! Аны койлорубузду жайганга жалдабайсызбы? Ал жалдаганга татыктуу экен. Анткени ал күчтүү жана аманаткөй экен. Ал күчү менен милдеттерин аткарат, аманаткөйлүгү менен ага берилген аманатты сактайт». info
التفاسير:

external-link copy
27 : 28

قَالَ إِنِّيٓ أُرِيدُ أَنۡ أُنكِحَكَ إِحۡدَى ٱبۡنَتَيَّ هَٰتَيۡنِ عَلَىٰٓ أَن تَأۡجُرَنِي ثَمَٰنِيَ حِجَجٖۖ فَإِنۡ أَتۡمَمۡتَ عَشۡرٗا فَمِنۡ عِندِكَۖ وَمَآ أُرِيدُ أَنۡ أَشُقَّ عَلَيۡكَۚ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Алардын атасы Мусага кайрылып мындай деди: «Мен сага бул эки кызымдын бирөөсүн никелеп берейин. Сен анын калыңынын (кызга берилүүчү белектин) ордуна биздин койлорубузду сегиз жыл жайып бер. Эгер мөөнөттү он жылга толуктасаң, анда бул сенин жакшылыгың болот. Бирок бул милдеттүү түрдө эмес. Анткени ортодогу келишим сегиз жылга гана түзүлгөн. Андан ашыгы ыктыярдуу. Мен сага ашыкча түйшүктү милдет кылууну каалабайм. Кудай буйруса, сен жакында мени убадасын бузбай аткарган жакшы адамдардан экенимди билесиң». info
التفاسير:

external-link copy
28 : 28

قَالَ ذَٰلِكَ بَيۡنِي وَبَيۡنَكَۖ أَيَّمَا ٱلۡأَجَلَيۡنِ قَضَيۡتُ فَلَا عُدۡوَٰنَ عَلَيَّۖ وَٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٞ

Муса айтты: «Бул сиз экөөбүздүн ортобуздагы келишим болсун. Мен сизге бул эки мөөнөттүн кайсынысын аткарбайын, сегиз жылбы же он жылбы, мен мойнумдагы милдетти толук өтөйм. Мага мындан ашыгын талап кылбаңыз. Биздин келишимге Аллах Өзү кепил жана күбө». info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الالتجاء إلى الله طريق النجاة في الدنيا والآخرة.
Аллахка кайтуу – бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кутулуу жолу. info

• حياء المرأة المسلمة سبب كرامتها وعلو شأنها.
Мусулман аялдын уяттуулугу – анын урматтуулугунун жана кадыр-барктуулугунун себеби. info

• مشاركة المرأة بالرأي، واعتماد رأيها إن كان صوابًا أمر محمود.
Аялдын оюн угуу жана ал туура болсо аны алуу мактоого татырлык иштерден. info

• القوة والأمانة صفتا المسؤول الناجح.
Күчтүүлүк жана аманатка бекем болуу – ийгиликтүү, жоопкер адамдын сыпаты. info

• جواز أن يكون المهر منفعة.
Калыңдын пайдалуу иш түрүндө болушунун уруксаттыгы. info