ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
71 : 28

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمُ ٱلَّيۡلَ سَرۡمَدًا إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِضِيَآءٍۚ أَفَلَا تَسۡمَعُونَ

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Айткылачы, эгер Аллах силерге түндү кыяматка чейин үзүлбөй дайым улана турган кылып койсо, анда Аллахтан башка кайсы кудай силерге күндүзгүдөй жарыкты алып келе алат? Бул далилдерге кулак салбайсыңарбы жана муну Аллахтан башка эч бир кудай алып келе албасын билбейсиңерби?». info
التفاسير:

external-link copy
72 : 28

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمُ ٱلنَّهَارَ سَرۡمَدًا إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِلَيۡلٖ تَسۡكُنُونَ فِيهِۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Айткылачы, эгер Аллах силерге күндүздү кыяматка чейин дайым улана турган кылып койсо, анда силер күндүзгү иштен чарчап эс алууңар үчүн силерге түндү Аллахтан башка кайсы кудай алып келе алат? Силер бул аят-белгилерди көрбөйсүңөрбү жана мунун баарын Аллахтан башка эч бир кудай алып келе албасын билбейсиңерби?». info
التفاسير:

external-link copy
73 : 28

وَمِن رَّحۡمَتِهِۦ جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Оо, адамдар! Силер күндүзгү иштен чарчагандан кийин эс алууңар үчүн Аллах силерге түндү караңгы кылуусу жана ырыскы издешиңер үчүн күндүздү жарык кылуусу Анын ырайымдуулугунан. Балким силер Аллахтын силерге берген жакшылыктарын четке какпастан Ага шүгүр кыласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 28

وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ فَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ

Ал күнү аларга Раббиси чакырык таштап: «Силер Менден башка сыйынган жана Мага шерик деп ойлогон шериктерим кайда?» – деп айтат. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 28

وَنَزَعۡنَا مِن كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدٗا فَقُلۡنَا هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ فَعَلِمُوٓاْ أَنَّ ٱلۡحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ

Биз ар бир үммөттөн өз пайгамбарын алып келебиз. Пайгамбарлар алардын каапырлыктары менен жалганга чыгаргандарына күбө болушат. Биз ошол үммөттөрдөн жалганга чыгаргандарга: «Силер кылган каапырлыгыңарга жана жалганга чыгарууңарга далилдериңерди алып келгиле» — дейбиз. Алар далил алып келе алышпайт. Ошондо алар эч кандай шеги жок акыйкат Аллахка таандык экенин анык билишет жана алардын Аллахка карата ойлоп тапкан шериктери жок болуп кетет. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 28

۞ إِنَّ قَٰرُونَ كَانَ مِن قَوۡمِ مُوسَىٰ فَبَغَىٰ عَلَيۡهِمۡۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡكُنُوزِ مَآ إِنَّ مَفَاتِحَهُۥ لَتَنُوٓأُ بِٱلۡعُصۡبَةِ أُوْلِي ٱلۡقُوَّةِ إِذۡ قَالَ لَهُۥ قَوۡمُهُۥ لَا تَفۡرَحۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡفَرِحِينَ

Чындыгында Карун Мусанын коомунан эле. Ал аларга текеберлик кылды. Биз ага казыналарынын эле ачкычтары алдуу-күчтүү жамаат көтөрсө оор жүк болчудай байлык казыналарын бергенбиз. Коому ага айтты: «Текеберлик кылып кубанбай эле кой. Чындыгында Аллах текеберленип кубангандарды жакшы көрбөйт. Тескерисинче аларды жек көрөт жана ал үчүн аларды азаптайт». info
التفاسير:

external-link copy
77 : 28

وَٱبۡتَغِ فِيمَآ ءَاتَىٰكَ ٱللَّهُ ٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَۖ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ ٱلدُّنۡيَاۖ وَأَحۡسِن كَمَآ أَحۡسَنَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَۖ وَلَا تَبۡغِ ٱلۡفَسَادَ فِي ٱلۡأَرۡضِۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Аллах сага берген байлыктан жакшылык жолдорго сарптап акыреттеги соопторду талап кылбайсыңбы. Бирок ысырап жана текеберлик кылбастан жеп-ичүү, кийинүү жана башка ушу сыяктуу жакшылыктардан өз насибиңди унутпа. Аллах сага жакшылык кылгандай сен дагы Раббиң жана Анын пенделери менен мамилеңди оңдо. Жана күнөө кылып, ибадаттарды таштап жер бетинде бузукулук кылба. Чындыгында Аллах жер бетинде бузукулук кылгандарды сүйбөйт, тескерисинче аларды жек көрөт. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• تعاقب الليل والنهار نعمة من نعم الله يجب شكرها له.
Түн менен күндүн алмашуусу Аллахка шүгүр кылууну милдет кылган жакшылыктардан. info

• الطغيان كما يكون بالرئاسة والملك يكون بالمال.
Чектен чыгуу башчылык жана бийлик менен болгону сыяктуу байлык менен да болот. info

• الفرح بَطَرًا معصية يمقتها الله.
Текеберленип кубануу Аллах жек көргөн күнөө иштерден. info

• ضرورة النصح لمن يُخاف عليه من الفتنة.
Азгырыкка кабылат деп корккон адамга насаат кылуунун зарылдыгы. info

• بغض الله للمفسدين في الأرض.
Жер бетинде бузукулук кылгандарды Аллахтын жек көрүүсү. info