ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
65 : 16

وَٱللَّهُ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ

Аллах асман тараптан жамгыр түшүрүп, ал себептүү какыраган как жерден өсүмдүктөрдү чыгарып жерге жан киргизди. Чындыгында жамгырдын асмандан түшүүсүндө жана ал аркылуу жерден өсүмдүктөрдү чыгаруусунда Аллахтын сөзүн угуп, ага ой жүгүрткөн адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 16

وَإِنَّ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَنۡعَٰمِ لَعِبۡرَةٗۖ نُّسۡقِيكُم مِّمَّا فِي بُطُونِهِۦ مِنۢ بَيۡنِ فَرۡثٖ وَدَمٖ لَّبَنًا خَالِصٗا سَآئِغٗا لِّلشَّٰرِبِينَ

Оо, адамдар! Чындыгында төөдө, уйда, койдо силер үчүн үлгү-сабактар бар. Биз силерди алардын курсагындагы бок-жини менен кандан турган заттын арасынан желиндери аркылуу сүт чыгарып ичиребиз. Буга карабастан ичкендерге жагымдуу таза, даамдуу сүт болуп чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 16

وَمِن ثَمَرَٰتِ ٱلنَّخِيلِ وَٱلۡأَعۡنَٰبِ تَتَّخِذُونَ مِنۡهُ سَكَرٗا وَرِزۡقًا حَسَنًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ

Жана Биз силерге ырыскы кылып берген курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө да силер үчүн үлгү-сабактар бар. Силер алардан адамдын акылын мас кылган шараптарды чыгарасыңар. Бул жакшы эмес. Ошондой эле алардан курма, мейиз, сирке, коюу ширелерди чыгарып пайдаланасыңар. Чындыгында бул айтылгандарда Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана пенделерине кылган жакшылыктарына акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Мына ошолор мындан сабак алышат. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 16

وَأَوۡحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحۡلِ أَنِ ٱتَّخِذِي مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتٗا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعۡرِشُونَ

Оо, пайгамбар! Раббиң бал аарыга жол көргөзүп ага мындай деп илхам кылды: «Уяңды тоолорго сал, бак-дарактарга сал жана адамдар жапкан курулуштарга сал. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 16

ثُمَّ كُلِي مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسۡلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلٗاۚ يَخۡرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٞ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٞ لِّلنَّاسِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ

Андан кийин өзүң каалаган мөмөлөрдөн жегин жана Раббиң сага баш ийдирип илхам кылган жолдор менен жүргүн». Мына ошол бал аарынын ичинен ак, сары ж.б. түрдүү түстөгү балдар чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Алар аны менен ооруларынан дарыланышат. Чындыгында бал аарыга кылынган илхамда жана анын ичинен чыккан балда Аллахтын кудуреттүүлүгү жана Ал жараткандарынын иштерин башкаруусу тууралуу ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Мына ошолор мындан сабак алышат. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 16

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ ثُمَّ يَتَوَفَّىٰكُمۡۚ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡ لَا يَعۡلَمَ بَعۡدَ عِلۡمٖ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٞ قَدِيرٞ

Аллах силерди мурда болбогондой көрүнүштө жаратты. Кийин ажалыңар келгенде силерди өлтүрөт. Силердин араңарда өмүрдүн эң жаман баскычы болгон карылыкка жетип көп жашагандар бар. Ал мурда билгендеринин да унутуп калат. Чындыгында Аллах Билүүчү, Ага пенделеринин кылган иштеринин бири да жашыруун эмес. Ал Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсырата албайт. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 16

وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعۡضَكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلرِّزۡقِۚ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُواْ بِرَآدِّي رِزۡقِهِمۡ عَلَىٰ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَهُمۡ فِيهِ سَوَآءٌۚ أَفَبِنِعۡمَةِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ

Аллах таала силерге берген ырыскыда бириңерди башкаңардан артык кылып, силердин араңарда бай жана кедейлерди, башчы жана баш ийүүчүлөрдү кылды. Ал эми Аллах көп ырыскы берип артык кылгандары мал-мүлктө кулдары менен тең ата болуп алар менен шериктеш болобуз деп Аллахтын аларга берген нерселерин жокко чыгарышпайт. Эгерде алар өздөрүнө кулдары тең ата болуп шерик болуусун каалашпаса, анда неге Аллахка кулдарын Ага шерик кылууну каалап жатышат? Бул эмне деген зулумдук! Мындан да өткөн Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгаруу барбы?! info
التفاسير:

external-link copy
72 : 16

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةٗ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ هُمۡ يَكۡفُرُونَ

Оо, адамдар! Аллах силерге ынак болсун деп өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана жубайларыңардан балдарды, неберелерди жаратты. Силерге эт, дан азыктары, мөмө-жемиштер сыяктуу адал тамак-аштарды ырыскы кылды. Эми алар жалган кудайларга жана айкелдерге ыйман келтирип жатышабы?! Санаса санак жетпеген Аллахтын көптөгөн жакшылыктарын жокко чыгарып, жалгыз Ага ыйман келтирип шүгүр кылышпай жатабы?! info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• جعل تعالى لعباده من ثمرات النخيل والأعناب منافع للعباد، ومصالح من أنواع الرزق الحسن الذي يأكله العباد طريًّا ونضيجًا وحاضرًا ومُدَّخَرًا وطعامًا وشرابًا.
Аллах таала пенделери үчүн курманын жана жүзүмдүн мөмөлөрүндө көптөгөн пайдаларды кылып койду. Адамдар аларды жаңы бышканда же эзилип бышканда же бышкан учурунда же сакталган абалда же тамак-ашта же суусундукта ар кандай түрдөгү ырыскы кылып пайдаланышат. info

• في خلق النحلة الصغيرة وما يخرج من بطونها من عسل لذيذ مختلف الألوان بحسب اختلاف أرضها ومراعيها، دليل على كمال عناية الله تعالى، وتمام لطفه بعباده، وأنه الذي لا ينبغي أن يوحَّد غيره ويُدْعى سواه.
Кичинекей бал аарынын жаратылуусу жана жайыттар менен жерлердин ар түрдүүлүгүнө жараша анын ичинен чыккан ар кандай түстөгү таттуу бал – Аллахтын пенделерине болгон камкордугуна жана мээримдүүлүгүнө далил. Андыктан, жалгыз гана Аны сүйүү жана Ага гана дуба кылуу зарыл. info

• من منن الله العظيمة على عباده أن جعل لهم أزواجًا ليسكنوا إليها، وجعل لهم من أزواجهم أولادًا تقرُّ بهم أعينهم، ويخدمونهم ويقضون حوائجهم، وينتفعون بهم من وجوه كثيرة.
Аллахтын пенделерине кылган улуу жакшылыктарынан – аларга эс алуулары үчүн жубайларды жаратуусу жана жубайларынан аларды кубанычка салган балдарды жаратуусу. Алар муктаждыктарына жардам беришет жана көп жактан пайда келтиришет. info