ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
103 : 16

وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّهُمۡ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٞۗ لِّسَانُ ٱلَّذِي يُلۡحِدُونَ إِلَيۡهِ أَعۡجَمِيّٞ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِيّٞ مُّبِينٌ

Биз мушриктердин: «Чындыгында Мухаммадга Куранды бир адам эле үйрөтүп жатат» — деп жатышканын билебиз. Алардын бул айткандары жалган. Алар үйрөтүп жатат деп ойлошкон адам тили бөлөк адам. Ал эми бул Куран жогорку адабий таза араб тилинде түшкөн. Алар кантип аны тили бөлөк адамдан үйрөндү деп айтып жатышат? info
التفاسير:

external-link copy
104 : 16

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَا يَهۡدِيهِمُ ٱللَّهُ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Аллахтын аяттары Ал тараптан түшкөн деп ыйман келтирбегендер бул жолдон кайтышмайынча Аллах аларга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт. Алар Аллахка каапырлык кылып, Анын аяттарын жалганга чыгаргандары себептүү аларга жан ооруткан азаптар бар. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 16

إِنَّمَا يَفۡتَرِي ٱلۡكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ

Мухаммад Раббиси тараптан алып келген нерседе жалганчы эмес. Чындыгында ал жалганды Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана ойлоп таап жатышат. Анткени алар азаптан коркушпайт жана сооп да үмүт кылышпайт. Мына ошол каапырлык менен сыпатталгандар өздөрү жалганчылар. Анткени жалган айтуу алардын көнгөн адаты болуп калган. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 16

مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ إِيمَٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنۡ أُكۡرِهَ وَقَلۡبُهُۥ مُطۡمَئِنُّۢ بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلۡكُفۡرِ صَدۡرٗا فَعَلَيۡهِمۡ غَضَبٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ

Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапырлык кылып, көкүрөгүн каапырлыкка кенен ачып койсо, аны ыймандан артык көрүп тандаса, ага баш ийип каапырлык сөзүн сүйлөсө, анда ал Исламдан чыгат. Аларга Аллахтын каары болот жана алар үчүн чоң азап бар. Ал эми каапырлык кылууга мажбур кылынып, тили менен каапырлык сөзүн сүйлөсө, бирок жүрөгүндө ыймандын акыйкатына шектенбей бейкут болгондор күнөөкөр болушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
107 : 16

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱسۡتَحَبُّواْ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا عَلَى ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Ошол Ислам дининен чыгуунун себеби — алар каапырлыктары үчүн сыйлык катары алышкан арзыбаган дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ал эми Аллах каапыр коомго ыйманга келүүгө ийгилик бербейт. Тескерисинче, аларды жардамсыз таштайт. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 16

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَسَمۡعِهِمۡ وَأَبۡصَٰرِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡغَٰفِلُونَ

Ыйманга келип кайра динден кайтып кеткендер — Аллах жүрөктөрүнө мөөр баскандар. Алар насааттарды түшүнүшпөйт. Алардын кулактарына да мөөр басылган, алар насааттарды угуп пайда алышпайт. Алардын көздөрүнө да мөөр басылган, алар ыйманды билдирген аят-белгилерге көз салышпайт. Мына ошолор бактылуулук менен бактысыздыктын себептеринен жана Аллахтын аларга даярдаган азабынан бейкапар жүргөндөр. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 16

لَا جَرَمَ أَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ

Эч шексиз алар кыямат күнү зыянга учурагандар. Алар ыйманга келгенден кийин каапырлык кылышып өздөрүн кыйроого учуратышты. Эгерде алар ыйманды бекем карманышканда, анда сөзсүз бейишке киришмек. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 16

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا فُتِنُواْ ثُمَّ جَٰهَدُواْ وَصَبَرُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ

Оо, пайгамбар! Сенин Раббиң ыймандуулардын алсыздарына өтө Кечиримдүү, Ырайымдуу. Мушриктер аларды дини үчүн азаптап, кордук көрсөтүшкөндө алар каапырлык сөзүн айтышка аргасыз болушту, бирок жүрөктөрүндөгү ыйманы өзгөргөн жок. Ошондон кийин алар Меккеден Мединага көчүштү. Кийин Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн, ал эми каапырлардын сөзү төмөн болуш үчүн Анын жолунда согушушту жана андагы кыйынчылыктарга сабыр кылышты. Чындыгында Раббиң алар кабылган ошол сыноолордон жана азаптоолордон кийин аргалары калбай каапырлык сөздү айтышса да Ал аларга Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар каапырлык сөздү аргасыздан гана айтууга мажбур болушту. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الترخيص للمُكرَه بالنطق بالكفر ظاهرًا مع اطمئنان القلب بالإيمان.
Жүрөгүндөгү ыйманы өзгөрбөгөн абалда сыртынан каапырлык сөздү айтууга мажбурланган адамга аны айтуу уруксат. info

• المرتدون استوجبوا غضب الله وعذابه؛ لأنهم استحبوا الحياة الدنيا على الآخرة، وحرموا من هداية الله، وطبع الله على قلوبهم وسمعهم وأبصارهم، وجعلوا من الغافلين عما يراد بهم من العذاب الشديد يوم القيامة.
Динден кайтып кеткендер Аллахтын каарына жана азабына татыктуу болушту. Анткени алар бул дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ошондуктан алар Аллахтын туура жолунан куру калышты, Аллах алардын жүрөктөрүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басты жана алар кыяматта аларга даярдалган катуу азаптан бейкапар калышты. info

• كَتَبَ الله المغفرة والرحمة للذين آمنوا، وهاجروا من بعد ما فتنوا، وصبروا على الجهاد.
Аллах таала ыйман келтиргендерге, азапталууга туш болгондон кийин көчкөндөргө жана Аллах жолундагы согушка сабыр кылгандарга Өзүнүн кечиримин жана ырайымын жазды. info