クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

external-link copy
122 : 9

۞ وَمَا كَانَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ لِيَنفِرُواْ كَآفَّةٗۚ فَلَوۡلَا نَفَرَ مِن كُلِّ فِرۡقَةٖ مِّنۡهُمۡ طَآئِفَةٞ لِّيَتَفَقَّهُواْ فِي ٱلدِّينِ وَلِيُنذِرُواْ قَوۡمَهُمۡ إِذَا رَجَعُوٓاْ إِلَيۡهِمۡ لَعَلَّهُمۡ يَحۡذَرُونَ

Ыймандуулардын бүт баары согушка кетүүсүнө уруксат жок. Анткени алар душманга жеңилип калышса, анда тукум курут болуп кетүүлөрү мүмкүн. Андыктан алардын бир бөлүгү согушка кетип, бир бөлүгү пайгамбар менен бирге калганы, андан шарият өкүмдөрүн жана Курандан укканы аркылуу динди терең үйрөнүшүп, кийин адамдар согуштан кайтып келишкенде үйрөнгөн нерселерин аларга үйрөтүшкөнү жакшы эмеспи?! Балким алар Аллахтын азабынан жана жазасынан коргонушар, Анын буйруктарына баш ийип, тыйгандарынан тыйылышар. Бул окуя Аллахтын элчиси сахабаларынан кээ бирлерин өзү тандап, чөлгө жоортулга жиберген аскерлерде болгон. info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• وجوب تقوى الله والصدق وأنهما سبب للنجاة من الهلاك.
Аллахтан коркуунун жана чынчыл болуунун милдеттиги. Булар кыйроодон кутулууга себеп болот. info

• عظم فضل النفقة في سبيل الله.
Аллах жолунда садака кылуунун артыкчылыгы. info

• وجوب التفقُّه في الدين مثله مثل الجهاد، وأنه لا قيام للدين إلا بهما معًا.
Динди терең үйрөнүүнүн милдеттиги – Аллах жолунда согушуунун милдеттиги сыяктуу. Ал экөөсүз эч качан динди тургузуу мүмкүн эмес. info