クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

ページ番号:close

external-link copy
84 : 5

وَمَا لَنَا لَا نُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَمَا جَآءَنَا مِنَ ٱلۡحَقِّ وَنَطۡمَعُ أَن يُدۡخِلَنَا رَبُّنَا مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلصَّٰلِحِينَ

Алар: Аллахка ишенүүгө, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген чындыкка ишенүүгө бизге эмне тоскоол болду?! Биз пайгамбарлар жана Аллахтын азабынан коркуп аларды ээрчиген ыймандуулар менен бирге бейишке кирүүнү үмүт кылабыз го дешет. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 5

فَأَثَٰبَهُمُ ٱللَّهُ بِمَا قَالُواْ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Чындыкты моюндаганы жана ыйманы бекем болгону үчүн Аллах Таала аларга ак сарайларынын, бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейишти даярдап койду. Анда түбөлүк калышат. Бул, жакшы иштерди кылуучуларга алар эч чектөө же шарт койбостон чындыкка дароо ишенип, аны ээрчигени үчүн берилген сый. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 5

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ

Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондор, элчисине түшүргөн аяттарды жалганга чыгаргандар, булар күйгүзүүчү тозокто түбөлүк калып, андан эч качан чыгышпайт info
التفاسير:

external-link copy
87 : 5

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُحَرِّمُواْ طَيِّبَٰتِ مَآ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكُمۡ وَلَا تَعۡتَدُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُعۡتَدِينَ

Оо, ыймандуулар, тамак-аштан, суусундуктардан жана никеленүүдөн адал болгон ырахаттуу нерселерди өзүңөргө-өзүңө арам кылып албагыла. Өтө ибадатчыл, дүйнөнү кечип коюучу болуп буларды арамга чыгарбагыла. Аллах Таала силерге арам кылган нерселердин чегинен ашып кетпегиле. Аллах Таала чектен чыккандарды жакшы көрбөйт, тескерисинче, аларга ачууланат. info
التفاسير:

external-link copy
88 : 5

وَكُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَٰلٗا طَيِّبٗاۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِيٓ أَنتُم بِهِۦ مُؤۡمِنُونَ

Аллах Таала силерге ырыскы кылып берген табиятынан адал, таза болгон нерселерди жей бергиле. Тартып алуу сыяктуу арам жолдор менен арам болгон же өтө зыяндуулугу үчүн арам болгон нерселерди жебегиле. Буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып Аллахка такыба болгула. Силер ага ыйман келтиргенсиңер, ыйманыңар Ага такыба болууну талап кылат info
التفاسير:

external-link copy
89 : 5

لَا يُؤَاخِذُكُمُ ٱللَّهُ بِٱللَّغۡوِ فِيٓ أَيۡمَٰنِكُمۡ وَلَٰكِن يُؤَاخِذُكُم بِمَا عَقَّدتُّمُ ٱلۡأَيۡمَٰنَۖ فَكَفَّٰرَتُهُۥٓ إِطۡعَامُ عَشَرَةِ مَسَٰكِينَ مِنۡ أَوۡسَطِ مَا تُطۡعِمُونَ أَهۡلِيكُمۡ أَوۡ كِسۡوَتُهُمۡ أَوۡ تَحۡرِيرُ رَقَبَةٖۖ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ ثَلَٰثَةِ أَيَّامٖۚ ذَٰلِكَ كَفَّٰرَةُ أَيۡمَٰنِكُمۡ إِذَا حَلَفۡتُمۡۚ وَٱحۡفَظُوٓاْ أَيۡمَٰنَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Оо, ыймандуулар, чын жүрөктөн эмес, ооз учунан чыккан антыңар үчүн Аллах Таала силерди сурак кылбайт. Максат кылып, чын жүрөктөн берген антыңарды бузсаңар, анда сурак кылат. Максат кылып, тилиңер менен берген антыңарды бузган күнөөңөр төмөнкү үч иш менен жуулат: өзүңөр жашаган жерде орточо деп эсептелген тамак менен он жакыр адамды тамактандыруу, ар бир жакырга жарым сааь (төрт кошууч, 3, 300гр), же элдин үрпүндө кийим деп эсептелгендей кийим кийгизүү, же бир мусулман кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер мына ушул ич иштин бирөөнө да каражат таппаса, анда үч күн орозо кармаса жетиштүү. Эй, ыймандуулар, ушул айтылгандар Аллахтын аты менен ант берип, анан аны кайра бузган күнөөңөрдү жууйт. Аллахтын аты менен жалган ант ичүүдөн, көп ант иче берүүдөн, жана антты орундоо жакшы эмес болгондо аны орундабай коюудан этиет болгула. Жакшылык кылгыла жана жогоруда Аллах баяндагандай жолдор менен антыңардын күнөөсүн жуугула. Аллах Таала анын арамга да, адалга да тишелүү өкүмдөрүн силерге баяндады. Билбеген нерсеңерди үйрөткөнү үчүн Аллахка шүгүр кылаарсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 5

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّمَا ٱلۡخَمۡرُ وَٱلۡمَيۡسِرُ وَٱلۡأَنصَابُ وَٱلۡأَزۡلَٰمُ رِجۡسٞ مِّنۡ عَمَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِ فَٱجۡتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ

Оо, ыймандуулар, адамды акылынан тайдыра турган мас кылуучу ичимдиктер, эки тараптан ортого коюлуп ойнолчу кумар оюндары, бутпарастар аны ыйыктап курмандык чалган же сыйынуу үчүн орнотуп алган таш-айкелдер, кайыпты чечмелөө үчүн төлгө салына турган жебелер, ушулардын баары шайтан кооз көрсөткөн күнөөлөр. булардан алыс болгула, бул дүйнөдө бейпил жашоого, акыретте бейиш жакшылыктарына жетесиңер. info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• الأمر بتوخي الطيب من الأرزاق وترك الخبيث.
Ырыскынын тазасын алып, таза эмесин таштоо керек info

• عدم المؤاخذة على الحلف عن غير عزم للقلب، والمؤاخذة على ما كان عن عزم القلب ليفعلنّ أو لا يفعلنّ.
Чын жүрөктөн айтылбаган антка айып жок, чын жүрөктөн айтылган антка айып төлөнөт info

• بيان أن كفارة اليمين: إطعام عشرة مساكين، أو كسوتهم، أو عتق رقبة مؤمنة، فإذا لم يستطع المكفِّر عن يمينه الإتيان بواحد من الأمور السابقة، فليكفِّر عن يمينه بصيام ثلاثة أيام.
Анттын күнөөсүн жуу үчүн он адамды тамактандыруу, же кийиндирүү, же бир кулду азаттыкка чыгаруу керек. Эгер мындай кылууга каражаты жетпесе, анда үч күн орозо кармоо менен жууйт. info

• قوله تعالى: ﴿... إنَّمَا الْخَمْرُ ...﴾ هي آخر آية نزلت في الخمر، وهي نص في تحريمه.
Аллах Тааланын (...чынында арак, ...) деген аяты, арак тууралуу түшкөн эң акыркы аят, арак ушул аяттын негизинде арам болгон info