クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

external-link copy
73 : 27

وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَشۡكُرُونَ

Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң адамдарга ырайым кылуучу. Анткени алар каапырлык жана күнөө кылышса да аларды жазалоого шашылган жок. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын аларга берген жакшылыктарына шүгүр кылышпайт. info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• علم الغيب مما اختص به الله، فادعاؤه كفر.
Кайып илими Аллахка гана таандык. Кайыпты билем деп айтуу каапырлык. info

• الاعتبار بالأمم السابقة من حيث مصيرها وأحوالها طريق النجاة.
Мурунку коомдордун акыбетинен жана абалдарынан сабак алуу – кутулуунун жолу. info

• إحاطة علم الله بأعمال عباده.
Аллахтын илими пенделеринин бүткүл иштерин өзүнө камтыйт. info

• تصحيح القرآن لانحرافات بني إسرائيل وتحريفهم لكتبهم.
Исраил урпактарынын адашууларын жана китептерине өзгөртүү киргизгендерин Куран оңдоп, туура кабарын берет. info