クルアーンの対訳 - クルアーン簡潔注釈(キルギス語対訳)

external-link copy
60 : 25

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱسۡجُدُواْۤ لِلرَّحۡمَٰنِ قَالُواْ وَمَا ٱلرَّحۡمَٰنُ أَنَسۡجُدُ لِمَا تَأۡمُرُنَا وَزَادَهُمۡ نُفُورٗا۩

Эгерде каапырларга: «Ырайымдууга сажда кылгыла» – деп айтылса, алар: «Биз Ырайымдууга сажда кылбайбыз. Ал Ырайымдуу деген эмне? Биз аны билбейбиз, аны моюнга да албайбыз. Биз Аны тааныбасак деле сен сажда кыл десең эле сажда кыла бермек белек?» – деп айтышат. Анын Аллахка сажда кылгыла деген буйругу аларды Аллахка ыйман келтирүүдөн алыстоолорун күчөтөт. info
التفاسير:
本諸節の功徳:
• الداعي إلى الله لا يطلب الجزاء من الناس.
Аллахка чакыруучу адам адамдардан акы сурабайт. info

• ثبوت صفة الاستواء لله بما يليق به سبحانه وتعالى.
Аллах таала Өзүнө ылайык келгендей бийиктөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо. info

• أن الرحمن اسم من أسماء الله لا يشاركه فيه أحد قط، دال على صفة من صفاته وهي الرحمة.
Чексиз Ырайымдуу – Аллахтын ысымдарынын бири. Бул ысымда Ага эч ким шериктеш болбойт. Ал Анын сыпаттарынан болгон ырайымдуулукту билдирет. info

• إعانة العبد بتعاقب الليل والنهار على تدارُكِ ما فاتَهُ من الطاعة في أحدهما.
Күн менен түндүн алмак-салмак алмашып туруусу аркылуу адамга экөөнүн биринде өткөрүп жиберген ибадаттарын кийинки убакта толуктап алуусуна жардам берүү. info

• من صفات عباد الرحمن التواضع والحلم، وطاعة الله عند غفلة الناس، والخوف من الله، والتزام التوسط في الإنفاق وفي غيره من الأمور.
Ырайымдуунун пенделеринин сыпаттарынан – жөнөкөйлүк, токтоолук, адамдар бейкапар жүрүшкөндө Аллахка ибадат кылуу, Аллахтан коркуу, сарптоодо жана башка иштерде адилеттүү, ортолукту кармануу. info