クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

ページ番号:close

external-link copy
23 : 89

وَجِاْيٓءَ يَوۡمَئِذِۭ بِجَهَنَّمَۚ يَوۡمَئِذٖ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكۡرَىٰ

Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 89

يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي قَدَّمۡتُ لِحَيَاتِي

(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.[1] info

[1] Ага Аллахтын жазасы буйрулат: колу-бутун кишендер менен байланып азапка салынат.

التفاسير:

external-link copy
25 : 89

فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدٞ

Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 89

وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدٞ

Аллах байлагандай эч ким байлай албайт![1] info

[1] Ал күндө ыймансыздардын жаны туйлап, толгонуп, дүйнөдө татыксыз жашаганы себептүү бушайман чегип турган болсо, ыймандуулардын жаны тынч, бейпил жана ыраазы болуп турат.

التفاسير:

external-link copy
27 : 89

يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفۡسُ ٱلۡمُطۡمَئِنَّةُ

Оо, тынч – бейпил жан! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 89

ٱرۡجِعِيٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةٗ مَّرۡضِيَّةٗ

(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 89

فَٱدۡخُلِي فِي عِبَٰدِي

Менин (жакшы) пенделериме кошулгун. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 89

وَٱدۡخُلِي جَنَّتِي

жана Менин бейишиме киргин! info
التفاسير: