[1] Пайгамбарыбызга Ислам дини вахий аркылуу бериле баштаганда элдерге алар сыйынып жаткан ар түрдүү кудайлардын жалгандыгын айткан. Ошондо алар: «Буга эмне болгон? Ата-бабаларыбыздын динин чанып?! Бул соо эмес го! Мүмкүн муну жиндер азгырып жатса керек!» дешкен. Аллах таала жогорку аяттарда илим-билим жана улук Куран аяттары жазыла турган калем жана ал жазган аяттардын урматына ант ичип, пайгамбарын мушриктер айыптаган сөздөрдөн коргоодо.
[1] Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва салламдын адеп-ахлагы жөнүндө сурагандарга Айша энебиз: «Анын ахлагы – Куран» деп жооп берген болчу. Мунун мааниси ал ар дайым Куран көргөзгөн адептер менен «сугарылып» турган.
*[1]Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам «Аллахтан башка бардык кудайлар жалган. Силердин ата-бабаңар адашкан пенделер болчу» дегенде, жалган «кудайлардын» пенделери ага келип: «Кел, эй, Мухаммад сүйлөшүп алалы, сен биздин кудайларга тил тийгизбе, ата-бабаларыбызды адашкан деп айыптаба. Ошондо биз дагы сенин диниңе каршылык кылбайбыз» - дешет. Кийинки аяттарда Аллах Өз пайгамбарына аларга кандай жооп бериш керектигин үйрөткөн.
[1] Куран чындыктарын айттырбай коюу үчүн ислам өкүлдөрү менен келишип алууга умтулган касамкор, атасынын дайыны жок, зынаадан төрөлгөндөр ар бир заманда табылат. Пайгамбарыбыздын заманында ошондой адамдардын бири Валид ибн Мугира деген ашынган каапыр эле. Валид чириген бай жана бала-чакасы көп болгон. Ал мезгилдерде кимдин перзенти көп болсо, ал ошону менен да текеберленчү.
[1] Мекке мушриктерине Аллах таала өтө көп мөөнөт берип, дүйнөлүк нээматтардан кем кылбай, бирок ошол эле учурда кана, качан ыйман келтиришет экен деп сынап турду. Бирок алар ыйманга кирүүнүн ордуна каапырчылыкта текеберленип кетишти жана өздөрүнүн акыреттерин күйдүрүп алышты. Эмки аяттарда Аллах таала алардын бул жоругун, бак-дарактарынын түшүмүнөн ихсан (садака) кылууга кызганган, мунун натыйжасында Аллах алардын бактарына асмандан өрт жиберип, не бактан жок, не акыреттик сооптон жок куржалак олтуруп калган кишилерге окшотот.
[1] Бул аят Кыяматтагы оор абал жөнүндө кабар берет. Абу Саид Худрий разияллоху анху мындай хадис риваят кылган: يوم القيامة يشتد الأمر ويصعب هوله, ويأتي الله تعالى لفصل القضاء بين الخلائق، فيكشف عن ساقه الكريمة التي لا يشبهها شيء, قال صلى الله عليه وسلم: "يكشف ربنا عن ساقه, فيسجد له كل مؤمن ومؤمنة, ويبقى مَن كان يسجد في الدنيا؛ رياء وسمعة, فيذهب ليسجد, فيعود ظهره طبقًا واحدًا" رواه البخاري: 4919 “ Мен Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын мындай дегенин уктум: “(Кыяматтагы оор күндө) Раббибиз калк-калайыкка өкүм кылуу үчүн келет жана Өзүнүн (эч нерсеге окшобогон) Балтырын ачат. Анан Ага ар бир ыймандуу эркек-аял саждага жыгылат. Ошондо бул дүйнөдө эл көрсүнгө гана ийилип жүргөндөр (жана тап-такыр сажда кылбагандар) дагы сажда кылуу үчүн барышат. Бирок, алардын омурткалары катып (саждага жарабай) калат.” (Бухарий: 4919-хадис. Муслим: 183-хадис)
[1] Бул аятта Аллах Мекке мушриктерин, каапыр болоор замат азапка салбай, акырындык менен, мөөнөт берип, бир аз - бир аздан нээмат жана өмүр берип, даражама - даража алып барып, качан алар эч нерсени капарына илбей, “Аллах бизге кайра нээмат берип жатат го. Демек, бир нерсебиз Аллахка жаккан окшойт” деп бейкапар болуп калгандан кийин гана азап жиберүү жөнүндө айтып жатат.
[1] Эгер Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дин үйрөткөнү үчүн алардан акы сурабаса же алар кайыптагы тагдыр китеби – Лавхул Махфузду окуп, андагы келечек кабарларды жазып жүрбөгөн болсо, тагыраак айтканда, өздөрүнүн тозокко түшпөөсү жөнүндө кайыптан кабар алышпаган болсо, эмне үчүн акыйкатка ушул даражада назарсыз болушат?! Эмне үчүн динге душман болуп пайгамбарга руханий-денелик зыяндарды жеткиришет?!
[1] Юнус пайгамбардын толугураак баяны менен таанышуу үчүн “Анбия”, “Саффат” жана “Юнус” сүрөлөрүнө кайрылыңыз.
[1] Бирок, андай болбоду. Аллах анын дубасын угуп, кечирип, ырайым кылганы себептүү, балык аны жайдак, ысык, жалаң жерге оозунан чыгарып таштаар замат ал жерге ашкабак дарагын өстүрүп, анын алсызданган денесин илахий көлөкө менен ырахаттандырды.