クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

ページ番号:close

external-link copy
13 : 67

وَأَسِرُّواْ قَوۡلَكُمۡ أَوِ ٱجۡهَرُواْ بِهِۦٓۖ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Жана (оо, адамдар) силер сөзүңөрдү сыр тутасыңарбы же ашкере кыласыңарбы, Ал көкүрөктөрдү ээлеген нерселерди Билүүчү! info
التفاسير:

external-link copy
14 : 67

أَلَا يَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ

(Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф[1] (жана бардыгынан) Кабардар го! info

[1] “Ал-Латийф” «Иште же мамиледе өтө жумшак», «Өтө терең илимдүү». Аллах тааланын өтө назик, терең илими менен кылган иштери жана мамилеси «лутф» деп аталат. Аллах тааланын пенделерине кылган лутфу – жумшактыгы өтө чексиз, муну айтып бүтүрүү мүмкүн эмес.

التفاسير:

external-link copy
15 : 67

هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ ذَلُولٗا فَٱمۡشُواْ فِي مَنَاكِبِهَا وَكُلُواْ مِن رِّزۡقِهِۦۖ وَإِلَيۡهِ ٱلنُّشُورُ

Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллахтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу – анын Өзүнө гана![1] info

[1] Аллах таала моюн сундуруп койгону себептүү Эне-Жер титиреп жарылып кетпей, биз анын койнунда каалаган багытыбызга басып, аман-эсен соода-сатыгыбызды, дыйканчылык-тиричилигибизди өткөрүп, Аллах таала чачып койгон ырыскыларыбызды терип, жеп жүрөбүз. Капырлар эмне үчүн ушул ырайымдуулукка жооп иретинде Аллах таалага шүгүр (ибадат) кылышпайт?! Же Анын Өзүнө кайтып барбайбыз деп ойлошобу?!

التفاسير:

external-link copy
16 : 67

ءَأَمِنتُم مَّن فِي ٱلسَّمَآءِ أَن يَخۡسِفَ بِكُمُ ٱلۡأَرۡضَ فَإِذَا هِيَ تَمُورُ

(Эй, каапырлар) асмандагы Зат[1] силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?! info

[1] Бул аяттагы “асмандагы Зат” ким экени жөнүндө аалымдар арасында талаш бар. Бул котормодон мурунку, А. Ысмаилов, С. Доолов, Д. Абдылдаев жана С. Гавайлардын котормосунда дагы “асмандагы Зат – бул Аллах” деп шилтеме берилген. (563-бет). Улук пайгамбарыбыз “Ким жердегилерге ырайым кылса, ага асмандагы ырайым кылат” деген. (Сахиху Абу Дауд, Сахиху Термизий) Имам Табарий дагы өзүнүн тафсиринде “асмандагы – бул Аллах” деген.

التفاسير:

external-link copy
17 : 67

أَمۡ أَمِنتُم مَّن فِي ٱلسَّمَآءِ أَن يُرۡسِلَ عَلَيۡكُمۡ حَاصِبٗاۖ فَسَتَعۡلَمُونَ كَيۡفَ نَذِيرِ

Же болбосо, силер, асмандагы (Аллах) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 67

وَلَقَدۡ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ

Алардан мурунку (каапыр) пенделер дагы (өздөрүнө жиберилген пайгамбарды) жалганчыга чыгарышкан. Анан (Менин) четке кагуу(м) кандай болду?![1] info

[1] Аллах таала жеке Өзүнө ибадат кылууну четке каккан Луттун мушрик коомун жерге жуткуруп, үстүнөн таштуу шамал жиберип кыйраткан болчу.

التفاسير:

external-link copy
19 : 67

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلطَّيۡرِ فَوۡقَهُمۡ صَٰٓفَّٰتٖ وَيَقۡبِضۡنَۚ مَا يُمۡسِكُهُنَّ إِلَّا ٱلرَّحۡمَٰنُۚ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَيۡءِۭ بَصِيرٌ

Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү! info
التفاسير:

external-link copy
20 : 67

أَمَّنۡ هَٰذَا ٱلَّذِي هُوَ جُندٞ لَّكُمۡ يَنصُرُكُم مِّن دُونِ ٱلرَّحۡمَٰنِۚ إِنِ ٱلۡكَٰفِرُونَ إِلَّا فِي غُرُورٍ

(Эй, каапырлар! Ойлонгула:) Силерге Рахмандан башка жардам бере ала турган аскериңер (жардамчыңар) ким экен?! Каапырлар адашуунун гана ичинде! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 67

أَمَّنۡ هَٰذَا ٱلَّذِي يَرۡزُقُكُمۡ إِنۡ أَمۡسَكَ رِزۡقَهُۥۚ بَل لَّجُّواْ فِي عُتُوّٖ وَنُفُورٍ

Эгер (Аллах) Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы таап бере ала турган ким?! Жок! (каапырлар дагы эле) катаалдыгын, (исламды) жек көрүүсүн улантып жатышат! info
التفاسير:

external-link copy
22 : 67

أَفَمَن يَمۡشِي مُكِبًّا عَلَىٰ وَجۡهِهِۦٓ أَهۡدَىٰٓ أَمَّن يَمۡشِي سَوِيًّا عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Ким туура жол табуучураак? Жер карап бара жаткан кишиби же болбосо, туура жолдо (башын) түз (тутуп) бара жаткан кишиби? info
التفاسير:

external-link copy
23 : 67

قُلۡ هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَكُمۡ وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ

Айткын: “Ал силерди жаратып, көз, кулак жана жүрөктөрдү берген. Өтө аз шүгүр кылуудасыңар!” info
التفاسير:

external-link copy
24 : 67

قُلۡ هُوَ ٱلَّذِي ذَرَأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ

Айткын: «Ал силерди жер бетинде өндүрүп-өстүргөн. Жана (кайра тирилгенде) Өзүнө гана чогултуласыңар». info
التفاسير:

external-link copy
25 : 67

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Жана алар: «Эгер чынчыл болсоңор бул (кайра тирилүү жөнүндө) убада (Кыямат) качан?» дешет. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 67

قُلۡ إِنَّمَا ٱلۡعِلۡمُ عِندَ ٱللَّهِ وَإِنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллахтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын». info
التفاسير: