[1] Мединадагы кээ бир бай адамдар эми гана бийлик тизгинин колуна алмак болуп турганда пайгамбарыбыз хижрат кылып келип калат жана жалпы эл аны ээрчип калат. Ызырынып калган жанагылар ичинде «ит өлүп» исламды жана пайгамбарды жек көрүп турушса да, сыртынан пайгамбарыбызга ыйман келтиришээрин бат-бат кайталап, кээде ант ичип да турушкан.