クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

Духан

external-link copy
1 : 44

حمٓ

Хаа, Миим.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 44

وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

Ачык баяндоочу Китепке ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 44

إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةٖ مُّبَٰرَكَةٍۚ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ

Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 44

فِيهَا يُفۡرَقُ كُلُّ أَمۡرٍ حَكِيمٍ

Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет.[1] info

[1] Рамазан айынын ыйык Кадыр түнүндө Аллах таала Өз алдындагы Тагдыр Китеби Лавхул-Мавхузда белгиленген жана ошол жылы ишке аша турган тагдырларды, ырыскыларды, өмүр жана өлүмдү жана башка иштерди аткаруучу, жазуучу периштелерге дагы бир ирет белгилеп берет.

التفاسير:

external-link copy
5 : 44

أَمۡرٗا مِّنۡ عِندِنَآۚ إِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ

Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 44

رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 44

رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ

(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 44

لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ رَبُّكُمۡ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ

Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 44

بَلۡ هُمۡ فِي شَكّٖ يَلۡعَبُونَ

Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 44

فَٱرۡتَقِبۡ يَوۡمَ تَأۡتِي ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٖ مُّبِينٖ

Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт.[1] info

[1] Кыяматта күнөөкөр пенделерди тозокко жакын алып келингенде, аларды тозоктун түтүнү ороп алат. (Садий)

التفاسير:

external-link copy
11 : 44

يَغۡشَى ٱلنَّاسَۖ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٞ

Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 44

رَّبَّنَا ٱكۡشِفۡ عَنَّا ٱلۡعَذَابَ إِنَّا مُؤۡمِنُونَ

(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет). info
التفاسير:

external-link copy
13 : 44

أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكۡرَىٰ وَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مُّبِينٞ

Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 44

ثُمَّ تَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ وَقَالُواْ مُعَلَّمٞ مَّجۡنُونٌ

(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 44

إِنَّا كَاشِفُواْ ٱلۡعَذَابِ قَلِيلًاۚ إِنَّكُمۡ عَآئِدُونَ

Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 44

يَوۡمَ نَبۡطِشُ ٱلۡبَطۡشَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ

(Анан) чоң азап менен азапталган күнү[1] Биз силерден өч алдык. info

[1] Бул – Курайш мушриктеринин башына түшкөн «Бадр» согушундагы жеңилүү күнү.

التفاسير:

external-link copy
17 : 44

۞ وَلَقَدۡ فَتَنَّا قَبۡلَهُمۡ قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ وَجَآءَهُمۡ رَسُولٞ كَرِيمٌ

Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 44

أَنۡ أَدُّوٓاْ إِلَيَّ عِبَادَ ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

(Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла![1] Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын. info

[1] Анын милдети Фараондун кол астында кул болгон Исраил урпактарын азаттыкка чыгарып, өздөрүнүн түпкү мекени Палестинага кайтаруу болгон.

التفاسير: