[1] Шайтандын азгырыгынын бири – ырым-жырым кылып жаныбарлардын кулагын кесүү. Исламдан илгерки (жахилият) доорундагы араб мушриктери кол астындагы төөлөрүнөн кээ бирлерин бут-статуяларына арнап, алардын кулагын кесип, белгилүү кылып коюшкан. Алар аны иштетпей, союп да жебей бош коюшчу. Ар кандай себептер менен, ырым-жырым кылып, кээ бир төөлөрдүн этин өздөрүнө арам кылып алышчу.