クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

ページ番号:close

external-link copy
32 : 39

۞ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن كَذَبَ عَلَى ٱللَّهِ وَكَذَّبَ بِٱلصِّدۡقِ إِذۡ جَآءَهُۥٓۚ أَلَيۡسَ فِي جَهَنَّمَ مَثۡوٗى لِّلۡكَٰفِرِينَ

Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөн жана өзүнө келген убакытта Чын Сөздү (Куранды) «жалган» деген пендеден көбүрөөк залым болгон ким бар?! Тозокто каапырларга орун жок бекен?! info
التفاسير:

external-link copy
33 : 39

وَٱلَّذِي جَآءَ بِٱلصِّدۡقِ وَصَدَّقَ بِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُتَّقُونَ

Ал эми, Чын Сөздү алып келген адам менен аны тастыктаган адам(дар)..., Дал ошолор гана такыба пенделер. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 39

لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمۡۚ ذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Аларга Раббисинин алдында (бейиште) көңүлү көксөгөн нерселер бар. Бул – жакшы амал кылгандардын сыйлыгы! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 39

لِيُكَفِّرَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ أَسۡوَأَ ٱلَّذِي عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ ٱلَّذِي كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Андыктан, Аллах алардын жаман (күнөө) иштерин өчүрүп, жасаган жакшы иштерине жараша сыйлык берет. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 39

أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِكَافٍ عَبۡدَهُۥۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ

Пендесине Аллахтын Өзү жетиштүү эмеспи? (Оо, Мухаммад!) Алар сени Аллахтан башкасы менен коркутушат. Аллах кимди адаштырып койсо, аны эч ким туура жолго баштай албайт. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 39

وَمَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن مُّضِلٍّۗ أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِعَزِيزٖ ذِي ٱنتِقَامٖ

Ал эми, Аллах кимди туура жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт. Аллах Кудуреттүү, (мушриктерден) өч алуучу эмеспи?! info
التفاسير:

external-link copy
38 : 39

وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَنِيَ ٱللَّهُ بِضُرٍّ هَلۡ هُنَّ كَٰشِفَٰتُ ضُرِّهِۦٓ أَوۡ أَرَادَنِي بِرَحۡمَةٍ هَلۡ هُنَّ مُمۡسِكَٰتُ رَحۡمَتِهِۦۚ قُلۡ حَسۡبِيَ ٱللَّهُۖ عَلَيۡهِ يَتَوَكَّلُ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ

Сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» – деп даана айтышат. Айткын: «Эми мага кабар бергилечи, эгер Аллах мага бир зыян жеткирсе, Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан кудайыңар Анын зыянын (менден) арылта алабы? Же болбосо, Аллах мага бир ырайым(ын) ыраа көрсө, Анын (бул) ырайымын алар токтото алабы?» Айткын: «Мага Аллах жетиштүү (Жардамчы). Тобокел[1] кылуучулар Өзүнө тобокел кылышат. info

[1] «Тобокел» – бул Аллахка гана таянып, Андан гана үмүт кылып, Өзүн Ага тапшыруу.

التفاسير:

external-link copy
39 : 39

قُلۡ يَٰقَوۡمِ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنِّي عَٰمِلٞۖ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ

Айткын: «Эй, (мушрик) коомум! Билгениңердей амал (ибадат) кыла бергиле. Мен дагы (өзүм билгендей) амал кылуучумун. Тез арада билип аласыңар - info
التفاسير:

external-link copy
40 : 39

مَن يَأۡتِيهِ عَذَابٞ يُخۡزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيۡهِ عَذَابٞ مُّقِيمٌ

кимге кор кылуучу азап (ушул дүйнөдө) келишин жана кимге (Кыяматта) үзгүлтүксүз азап болушун. info
التفاسير: