[1] Кандай ызырынып келген болсо, максаттарына жете албай, ошондой ызырынып, ачуулары менен кайтып кетишти. Анткени, бир айлык курчоодон мусулмандардын эрки майтарылбады. Кайра өздөрүнүн тамак-ашы, даярдыктары түгөнүп, үмүтсүздүккө түшүштү. Ошол мезгилде Аллах аларга бороон шамал жиберди. Шамал дагы Аллахтын бир аскери. Ал каапырларды үшүтүп, чатырларын учурду. Аллах алардын жүрөгүнө периштелерден турган аскерлер менен коркуу салды (9-аятты караңыз).
[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялдары өз ара сүйлөшүп алышып андан кудурети жетпеген дүйнө зыйнаттарын талап кылышканда пайгамбарыбыз капаланып калган. Ошондо ушул аят түшкөн.