クルアーンの対訳 - キルギス語対訳 - Shamsuddin Hakimov

ページ番号:close

external-link copy
116 : 3

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَن تُغۡنِيَ عَنۡهُمۡ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗاۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Каапыр адамдарды Аллахтан (берилүүчү азаптан) мал-дүйнөлөрү да, бала-чакалары да куткарып кала албайт. Алар - тозок ээлери. Анда түбөлүк калышат. info
التفاسير:

external-link copy
117 : 3

مَثَلُ مَا يُنفِقُونَ فِي هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا كَمَثَلِ رِيحٖ فِيهَا صِرٌّ أَصَابَتۡ حَرۡثَ قَوۡمٖ ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَأَهۡلَكَتۡهُۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَٰكِنۡ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ

Алар ушул дүйнө жашоосунда (сооп ниетинде, кайрымдуулук үчүн) жумшаган байлыктарынын мисалы, өздөрүнө зулум кылган коомдун эгиндерине тийип, жок кылган суук шамалга окшойт.[1] Аларга Аллах зулумдук кылган жок. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты. info

[1] Б.а. шамал сого баштаганда алар ырахаттана башташат. Бирок, бул, аларга ырахат бере турган шамал эмес, эгиндерин тоңдура турган шамал болчу...

التفاسير:

external-link copy
118 : 3

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ بِطَانَةٗ مِّن دُونِكُمۡ لَا يَأۡلُونَكُمۡ خَبَالٗا وَدُّواْ مَا عَنِتُّمۡ قَدۡ بَدَتِ ٱلۡبَغۡضَآءُ مِنۡ أَفۡوَٰهِهِمۡ وَمَا تُخۡفِي صُدُورُهُمۡ أَكۡبَرُۚ قَدۡ بَيَّنَّا لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِۖ إِن كُنتُمۡ تَعۡقِلُونَ

О, ыйман келтирген адамдар! Бири-бириңерди колдоп, аларды (каапырларды) сырдаш-дос кылбагыла! (Момундардын сырларын аларга ташыбагыла). Алар силерге зыян жеткирүүдөн күчтөрүн аяшпайт жана силерге бир жамандык болушун эңсешет. Алардын жек көрүүлөрү сөздөрүнөн байкалат. Бирок, жүрөктөрүнө жашырган (жек көрүүлөрү) чоңураак. Эгер акылыңарды жакшы иштетсеңер, Биз силерге (душманыңар жөнүндөгү) белгилерди баян кылып бердик. info
التفاسير:

external-link copy
119 : 3

هَٰٓأَنتُمۡ أُوْلَآءِ تُحِبُّونَهُمۡ وَلَا يُحِبُّونَكُمۡ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱلۡكِتَٰبِ كُلِّهِۦ وَإِذَا لَقُوكُمۡ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوۡاْ عَضُّواْ عَلَيۡكُمُ ٱلۡأَنَامِلَ مِنَ ٱلۡغَيۡظِۚ قُلۡ مُوتُواْ بِغَيۡظِكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

О, силер (момундар!) Аларды сүйөсүңөр, алар силерди сүйбөйт. Силер бардык (илахий) китептерге (жана бардык пайгамбарларга) ишенесиңер. (Алар болсо, силердин китебиңерге да, пайгамбарыңарга да ишенбейт). Жана силерге жолукса: “Ыйман келтирдик” дешет, а (өздөрү) жалгыз калышканда силерди жек көргөнү себептүү манжаларын чайнашат. Айт (оо, Мухаммад): “Жек көрүүңөр менен өлгүлө!” Аллах жүрөктөрдү ээлеген сырларды Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
120 : 3

إِن تَمۡسَسۡكُمۡ حَسَنَةٞ تَسُؤۡهُمۡ وَإِن تُصِبۡكُمۡ سَيِّئَةٞ يَفۡرَحُواْ بِهَاۖ وَإِن تَصۡبِرُواْ وَتَتَّقُواْ لَا يَضُرُّكُمۡ كَيۡدُهُمۡ شَيۡـًٔاۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا يَعۡمَلُونَ مُحِيطٞ

Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер такыба болсоңор жана (каапырлардын айла-амалдарына) сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткирбейт. (Анткени,) Аллах алардын иштерин Камтуучу. info
التفاسير:

external-link copy
121 : 3

وَإِذۡ غَدَوۡتَ مِنۡ أَهۡلِكَ تُبَوِّئُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ مَقَٰعِدَ لِلۡقِتَالِۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Бир кезде, сен (о, Мухаммад!) үй-бүлөңдөн чыгып, момундарды согуш орундарына (көрөгөчтүк менен) жайгаштырдың. Аллах - Угуучу, Билүүчү. info
التفاسير: