[1] Ошентип, алар Аллахка тобокел кылып, азыктарын алып, Аллах бизге албетте, жардам берет деген илгери үмүт менен, шаарга жакын бир тоонун үңкүрүнө чыгып кетишти. Аллах ошол жерде аларды алыс мөөнөткө уктатты.
[1] Бул дагы Аллахтын даанышман моожизасы. Аткени, эч кыймылсыз жерге жабышып турган нерсени жер акырындык менен «жеп коёт».
[1] Бул аяттардан төмөндөгүчө сабактарды алууга болот. А) Анык билбеген нерселердин илимин Аллахка калтыруу. Анткени, эки жамаат өз пикирлерине далил келтире албаган соң, талашты токтотуп «Аллах билет» дешти. Б) Соода-сатык үчүн өкүл кылуу жана шериктештиктин мүмкүндүгү. Анткени, алар акча жыйнап, бирөөнү бардыгынын атынан өкүл кылды. В) Ысырап кылбай, асыл-чүйгүн, кымбат тамак-аш жегенге уруксат. Тафсирчи аалымдар алардын ушул табитине байкоо салып, «Мүмкүн алар чүйгүн тамак-аш жеп көнгөн ханзаадалар, аксөөктөрдүн балдарыдыр» дешет. Г) Дин-ыйманга кооп туулганда аны сактоо үчүн бузук коомду таштап чыгып кетүү. Себеби, алар чыгып кетпесе, же ташбараң болмок, же кайра бузук динди кабыл алышмак.