[1] Кээ бир тафсирчилер ушул маанидеги хадиске таянып айтышат: «Эгер адам баласы ичкенде, жегенде жана аялы менен жыныстык мамиледе «Бисмилла» деп айтпаса, ага шайтан шерик болот» Бирок, бул аятта айтылган шайтандын шериктиги ошолорго гана чектелген эмес. Мал-дүйнөнү арамдан табуу, адал мүлктөн садака (зекет), бербей коюу.., ушулардын баары шайтанды шерик кылуу болуп саналат.