Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghisa dell'Abbreviata Esegesi del Nobile Corano

Наба

Alcuni scopi di questa Sura comprendono:
بيان أدلة القدرة على البعث والتخويف من العاقبة.
Кайра тирилтүүгө кудуреттүү экендигине далилдерди баяндоо жана акыбеттин жаман болуп калуусун эскертип коркутуу. info

external-link copy
1 : 78

عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ

Аллах мушриктерге Өз элчисин жибергенден кийин алар бири-биринен эмне тууралуу сурап жатышат? info
التفاسير:

external-link copy
2 : 78

عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلۡعَظِيمِ

Алар бири-биринен улуу Кабар тууралуу сурап жатышат. Ал алардын пайгамбарына түшүрүлгөн, өзүнө кайра тирилүүнү камтыган – бул Куран. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 78

ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ مُخۡتَلِفُونَ

Алар талашып-тартышкан бул Куранды сыйкыр же поэзия же төлгөчүлүк же байыркылардын уламыштары деп сыпатташат. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 78

كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

Абал алар ойлогондой эмес! Куранды жалганга чыгаргандар жакында жалгандарынын акыбети жаман болорун билишет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 78

ثُمَّ كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

Андан соң аларга аны дагы баса белгиледи. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 78

أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ مِهَٰدٗا

Биз алар үчүн жерди турукташууга ылайыктуу тегиз кылып койбодукпу? info
التفاسير:

external-link copy
7 : 78

وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادٗا

Ал силкилдебеш үчүн анын үстүнө тоолорду казык кылдабыкпы? info
التفاسير:

external-link copy
8 : 78

وَخَلَقۡنَٰكُمۡ أَزۡوَٰجٗا

Оо, адамдар! Биз силерди ар кандай түрдө жараттык, араңарда эркектер жана аялдар бар. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 78

وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتٗا

Силер тиричиликти токтотуп эс алууңар үчүн уйкуңарды кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 78

وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا

Жана силер үчүн караңгы түндү уяттуу жериңерди жапкан кийим сыяктуу тосмо кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 78

وَجَعَلۡنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشٗا

Ал эми күндүздү жумуш кылуу жана ырыскы издөө үчүн майдан кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 78

وَبَنَيۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعٗا شِدَادٗا

Жана силердин үстүңөргө бекем курулуштагы жана кынтыксыз жасалыштагы жети асманды курдук. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 78

وَجَعَلۡنَا سِرَاجٗا وَهَّاجٗا

Жана Күндү абдан жалындап жаркыраган чырак кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 78

وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡمُعۡصِرَٰتِ مَآءٗ ثَجَّاجٗا

Жана жамгыр жаай турган мезгили келген булуттардан нөшөрлөп куюлган суу түшүрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 78

لِّنُخۡرِجَ بِهِۦ حَبّٗا وَنَبَاتٗا

Аны менен ар кандай түрдөгү дандарды жана өсүмдүктөрдү чыгаруу үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 78

وَجَنَّٰتٍ أَلۡفَافًا

Жана бак-дарактарынын бутактары бири-бирине кирип чырмалышкан бакчаларды чыгаруу үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 78

إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ كَانَ مِيقَٰتٗا

Макулуктардын ортосун ажыратуучу күн кечикпестен келе турган бир убакытка белгиленген. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 78

يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَتَأۡتُونَ أَفۡوَاجٗا

Ал күнү периште экинчи жолу кернейди тартат. Оо, адамдар! Ошондо силер топ-топ болуп келесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 78

وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ أَبۡوَٰبٗا

Асман ачылып, анда ачылган эшиктер сыяктуу тешиктер пайда болот. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 78

وَسُيِّرَتِ ٱلۡجِبَالُ فَكَانَتۡ سَرَابًا

Тоолор жылып, бырыксыган чаңга айланат жана закым сыяктуу болуп калат. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 78

إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتۡ مِرۡصَادٗا

Чындыгында тозок аңдып күтүп туруучу. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 78

لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابٗا

Жана залымдар кайтып баруучу жай. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 78

لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحۡقَابٗا

Алар ал жакта акыры жок замандар жана кылымдар бою калышат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 78

لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرۡدٗا وَلَا شَرَابًا

Алар ал жакта тозоктун ысыгын муздаткан салкын абаны да, моокумду кандырган суусундукту да татышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 78

إِلَّا حَمِيمٗا وَغَسَّاقٗا

Алар өтө ысык сууну жана тозоктогулардан аккан ириңди гана татышат. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 78

جَزَآءٗ وِفَاقًا

Бул алардын каапырлыгына жана адашуусуна ылайыктуу жаза! info
التفاسير:

external-link copy
27 : 78

إِنَّهُمۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ حِسَابٗا

Чындыгында алар дүйнөдө Аллахтын акыреттеги сурагынан коркушкан эмес. Анткени алар кайра тирилүүгө ишенишкен жок. Эгерде алар кайра тирилүүдөн корккондо, анда Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылышмак. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 78

وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابٗا

Жана алар элчибизге түшүргөн аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 78

وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ كِتَٰبٗا

Биз алардын иш-аракеттерине байланыштуу бардык нерселерди эсептеп тактап койдук. Ал алардын амал баракчаларында жазылган. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 78

فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمۡ إِلَّا عَذَابًا

Эй, залымдар! Бул түбөлүктүү азапты таткыла! Эми Биз азабыңардын үстүнө азапты көбөйтөбүз. info
التفاسير:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• إحكام الله للخلق دلالة على قدرته على إعادته.
Аллахтын кынтыксыз жаратуусу – Анын кайра жаратууга болгон кудуреттүүлүгүнө далил болот. info

• الطغيان سبب دخول النار.
Зулумдук кылуу тозокко кирүүгө себеп болот. info

• مضاعفة العذاب على الكفار.
Каапырларга азаптын эселеп берилүүсү. info

external-link copy
31 : 78

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا

Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн көздөгөндөрүнө жеткирген жеңиш орду бар, ал – бейиш. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 78

حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبٗا

Бакчалар жана жүзүмзарлар бар. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 78

وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابٗا

Бирдей курактагы көкүрөгү тирсийген селкилер бар. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 78

وَكَأۡسٗا دِهَاقٗا

Мелтилдеген шарап кеселер бар. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 78

لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا كِذَّٰبٗا

Алар бейиште жалган жана калп сөздөрдү угушпайт жана бири-бирине жалган да айтышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 78

جَزَآءٗ مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابٗا

Мына ушулардын баарысы Аллахтын аларга берген жетиштүү белеги жана сыйлыгы. info
التفاسير:

external-link copy
37 : 78

رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابٗا

Ал – асмандар менен жердин жана алардын ортосунда нерселердин Раббиси, дүйнөнүн жана акыреттин Ырайымдуусу. Ал уруксат бермейинче, жердегилердин же асмандагылардын эч кимиси Андан сурай албайт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 78

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفّٗاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابٗا

Жебреил жана периштелер сап-сап болуп турган күнү Ырайымдуу шапаат кылууга уруксат бергендер гана башка бирөөгө шапаат кылуу тууралуу сүйлөй алат жана Аллахка гана сыйынууга чакырган сөз сыяктуу тууралыкты айтат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 78

ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا

Силерге баяндалган бул нерсе – анын болорунда эч кандай шек-күмөнү болбогон күн. Ким ал күндө Аллахтын азабынан кутулууну кааласа, анда ага карай жолду тутунуп, Раббисин ыраазы кылган жакшылык иштерди кылсын. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 78

إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا

Оо, адамдар! Биз силерге жакында болуучу азапты эскерттик. Ал күндө адам баласы дүйнөдө кылган иштерин көрөт жана каапыр адам азаптан кутулууну тилеп мындай дейт: «Аттиң-ай! Кыямат күнү жаныбарларга «топуракка айлангыла!» деп айтылганда мен дагы аларга окшоп топуракка айланып кетсем кана!». info
التفاسير:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• التقوى سبب دخول الجنة.
Такыбалык – бейишке кирүүгө себеп болот. info

• تذكر أهوال القيامة دافع للعمل الصالح.
Кыямат коркунучтарын эстөө – жакшылык иштерге түрткү берет. info

• قبض روح الكافر بشدّة وعنف، وقبض روح المؤمن برفق ولين.
Каапырдын жаны катаалдык жана оройлук менен алынат. Ал эми ыймандуунун жаны жеңилдик жана жумшактык менен алынат. info