Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghisa dell'Abbreviata Esegesi del Nobile Corano

Калам

Alcuni scopi di questa Sura comprendono:
شهادة الله للنبي بحسن الخُلق، والدفاع عنه وتثبيته.
Пайгамбарынын кулк-мүнөзү жакшы экендигине Аллахтын күбөлүк берүүсү, андан жамандыкты кайтаруусу жана аны динде бекем кылуусу (баяндалган). info

external-link copy
1 : 68

نٓۚ وَٱلۡقَلَمِ وَمَا يَسۡطُرُونَ

Нуун. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. Аллах калем менен ант берди жана адамдар калемдери менен жазган нерселерге ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 68

مَآ أَنتَ بِنِعۡمَةِ رَبِّكَ بِمَجۡنُونٖ

Оо, пайгамбар! Сен Аллахтын жакшылык кылып берген пайгамбарчылыгы себептүү жинди эмессиң. Тескерисинче, сен мушриктердин жинди деп айткан жалаасынан тазасың. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 68

وَإِنَّ لَكَ لَأَجۡرًا غَيۡرَ مَمۡنُونٖ

Сен пайгамбарчылыкты адамдарга жеткирип түйшүк тартканың үчүн сага түгөнгүс сыйлыктар бар жана сага аны эч ким милдет кыла албайт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 68

وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٖ

Чындыгында сен Куранда келген улуу кулк-мүнөздөсүң жана андагы боюнча эң сонун сыпаттасың. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 68

فَسَتُبۡصِرُ وَيُبۡصِرُونَ

Жакында сен дагы көрөсүң, ал жалганчылар да көрүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 68

بِأَييِّكُمُ ٱلۡمَفۡتُونُ

Чындык ачыкка чыкканда, кимиңер жинди экениңерди билип аласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 68

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Анын жолунан чыгып кеткендерди билет жана ага түшкөндөрдү жакшы билет. Алардан ким адашып кетсе, сен ага карай жол баштарыңды да билет. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 68

فَلَا تُطِعِ ٱلۡمُكَذِّبِينَ

Оо, пайгамбар! Сен алып келгенди жалганга чыгаргандарга моюн сунба! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 68

وَدُّواْ لَوۡ تُدۡهِنُ فَيُدۡهِنُونَ

Алар дин тууралуу эсептешкени келгенде аларга жумшак жана сылык мамиле кылууңду жана өздөрү дагы сага жумшак жана сылык болууну каалашат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 68

وَلَا تُطِعۡ كُلَّ حَلَّافٖ مَّهِينٍ

Сен баш ийбегин, жалган касам иче берген, жек көрүндү адамдарга, info
التفاسير:

external-link copy
11 : 68

هَمَّازٖ مَّشَّآءِۭ بِنَمِيمٖ

Адамдарды бөлүш үчүн аларды ушактай бергендерге жана чагымчылык кылып жүргөндөргө, info
التفاسير:

external-link copy
12 : 68

مَّنَّاعٖ لِّلۡخَيۡرِ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ

Жакшылыкты тоскондорго, адамдардын мал-мүлкүнө, абийирине жана өздөрүнө шек келтиргендерге, жаман иштерди жана күнөөлөрдү кылгандарга, info
التفاسير:

external-link copy
13 : 68

عُتُلِّۭ بَعۡدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ

Орой жана катаал, өз элинде тексиз алдамчы. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 68

أَن كَانَ ذَا مَالٖ وَبَنِينَ

Ал бай жана бала-чакалуу болгону үчүн Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдөн текеберленди. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 68

إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ

Ага аяттарыбыз окулганда: «Бул байыркылардын уламыштарынан» – деп айтты. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 68

سَنَسِمُهُۥ عَلَى ٱلۡخُرۡطُومِ

Жакында Биз анын мурдуна көркүн бузган жана андан кетпеген белгини басабыз. info
التفاسير:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• اتصاف الرسول صلى الله عليه وسلم بأخلاق القرآن.
Пайгамбардын Курандагы адеп-ахлактар менен сыпатталуусу. info

• صفات الكفار صفات ذميمة يجب على المؤمن الابتعاد عنها، وعن طاعة أهلها.
Каапырлардын сыпаттары – жаман сыпаттар. Ыймандуу адам андан жана ошондой сыпаттары адамдарга баш ийүүдөн алыс болуусу керек. info

• من أكثر الحلف هان على الرحمن، ونزلت مرتبته عند الناس.
Көп касам ичкен адам Ырайымдууга жеңил карап калат жана адамдардын алдында кадыр-баркы түшөт. info

external-link copy
17 : 68

إِنَّا بَلَوۡنَٰهُمۡ كَمَا بَلَوۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ إِذۡ أَقۡسَمُواْ لَيَصۡرِمُنَّهَا مُصۡبِحِينَ

Биз бакча ээлерин сынаганыбыз сыяктуу мушриктерди да кургакчылык жана ачкачылык менен сынадык. Бир кезде алар анын мөмөлөрүн кедей-кембагалдар жебеш үчүн таңга маал батыраак терип алабыз деп касам ичишти. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 68

وَلَا يَسۡتَثۡنُونَ

Алар касам ичишкенде «Аллах кааласа» деген сөздү айтышпады. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 68

فَطَافَ عَلَيۡهَا طَآئِفٞ مِّن رَّبِّكَ وَهُمۡ نَآئِمُونَ

Анан ээлери уктап жатканда Аллах ага от жиберип, ал аны жалмады. Алар аны оттон сактап кала алышпады. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 68

فَأَصۡبَحَتۡ كَٱلصَّرِيمِ

Ошондо ал караңгы түндөй капкара болуп калды. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 68

فَتَنَادَوۡاْ مُصۡبِحِينَ

Анан алар таң заарда бири-бирин чакырышты. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 68

أَنِ ٱغۡدُواْ عَلَىٰ حَرۡثِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰرِمِينَ

«Эгерде түшүмдү жыйнай турган болсоңор, кедей-кембагалдар келгиче, жериңерге эртерээк баргыла» – деп айтышты. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 68

فَٱنطَلَقُواْ وَهُمۡ يَتَخَٰفَتُونَ

Ошентип алар бири-бири менен акырын сүйлөшүп, шашылган бойдон жерлерине жөнөштү. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 68

أَن لَّا يَدۡخُلَنَّهَا ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكُم مِّسۡكِينٞ

Алар бири-бирине: «Бүгүн бакчаңарга эч бир кембагал кирбейт» – деп жатышты. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 68

وَغَدَوۡاْ عَلَىٰ حَرۡدٖ قَٰدِرِينَ

Алар таң эрте мөмөлөрдү бербейбиз деген ойдо баратышты. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 68

فَلَمَّا رَأَوۡهَا قَالُوٓاْ إِنَّا لَضَآلُّونَ

Качан алар анын күйүп калганын көрүшкөндө, бири-бирине айтышты: «Биз жолдон адашып калдык окшойт. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 68

بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ

Жок! Биз кедей-кембагалдарга бербейбиз деп жатып, өзүбүз түшүмдөн куру жалак калыптырбыз». info
التفاسير:

external-link copy
28 : 68

قَالَ أَوۡسَطُهُمۡ أَلَمۡ أَقُل لَّكُمۡ لَوۡلَا تُسَبِّحُونَ

Алардын жакшыраагы айтты: «Силер андан кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечим кылганыңарда мен силерге: «Аллахты аруулап, Ага тообо кылсаңар болбойбу?» – деп айткан элем го» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 68

قَالُواْ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Айтышты: «Раббибиз Аруу! Биз бакчабыздын мөмөсүнөн кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечип, өзүбүзгө зыян кылгандардан болдук». info
التفاسير:

external-link copy
30 : 68

فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَلَٰوَمُونَ

Анан алар бири-бирине карап, жеме сөздөрдү айтып башташты. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 68

قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَٰغِينَ

Алар өкүнүп мындай дешти: «Куругур экенбиз го! Биз кедейлердин акысын бербей, чектен чыгып кетиптирбиз. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 68

عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبۡدِلَنَا خَيۡرٗا مِّنۡهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ

Балким Раббибиз бизге бакчанын ордуна андан да жакшысын берет. Чындыгында биз Аллахты гана каалайбыз, Андан кечиримди үмүт кылабыз жана жакшылыкты сурайбыз». info
التفاسير:

external-link copy
33 : 68

كَذَٰلِكَ ٱلۡعَذَابُۖ وَلَعَذَابُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ

Бизге баш ийбестик кылгандарды мына ушинтип ырыскыдан куру жалак калтыруу менен азаптайбыз. Ал эми акырет азабы мындан да чоң, эгер алар анын катаалдыгын жана узактыгын билишкен болсо. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 68

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمۡ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн Раббисинин алдында жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта түбөлүк жыргалчылыкта ырахаттанышат. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 68

أَفَنَجۡعَلُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ كَٱلۡمُجۡرِمِينَ

Биз Мекке мушриктери ойлогондой, жазалоодо мусулмандарды каапырлардай кылып коёт бекенбиз? info
التفاسير:

external-link copy
36 : 68

مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ

Эй, мушриктер! Силерге эмне болду, бул адилетсиз жана бурмаланган өкүм менен кантип өкүм чыгарып жатасыңар? info
التفاسير:

external-link copy
37 : 68

أَمۡ لَكُمۡ كِتَٰبٞ فِيهِ تَدۡرُسُونَ

Же силерде баш ийген адам менен күнөөкөрдү бирдей деп окуган китебиңер барбы? info
التفاسير:

external-link copy
38 : 68

إِنَّ لَكُمۡ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ

Ал китепте силер үчүн акыретте өзүңөр каалаганды тандаган нерселер барбы? info
التفاسير:

external-link copy
39 : 68

أَمۡ لَكُمۡ أَيۡمَٰنٌ عَلَيۡنَا بَٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ إِنَّ لَكُمۡ لَمَا تَحۡكُمُونَ

Же силерде өзүңөр өкүм кылган нерселер болот дегендей талаптагы анттар менен тастыкталган убадаларыбыз барбы? info
التفاسير:

external-link copy
40 : 68

سَلۡهُمۡ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ

Оо, пайгамбар! Бул сөздү айткандардан: «Ким буга кепилдик бере алат?» – деп сурачы. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 68

أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَآءُ فَلۡيَأۡتُواْ بِشُرَكَآئِهِمۡ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ

Же жаза берүүдө аларды мусулмандар менен бирдей кылган алардын Аллахтан башка шериктери бар бекен? Эгерде алар жаза алууда мусулмандар менен бирдейбиз деген сөзүндө чынчыл болушса, анда ошол шериктерин алып келишсин. info
التفاسير:

external-link copy
42 : 68

يَوۡمَ يُكۡشَفُ عَن سَاقٖ وَيُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ

Кыямат күнү коркунуч пайда болуп, Раббибиз Балтырын ачык көргөзөт жана адамдар сажда кылууга чакырылганда, ыймандуулар сажда кылышат, ал эми каапырлар менен эки жүздүүлөр сажда кыла алышпайт. info
التفاسير:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• منع حق الفقير سبب في هلاك المال.
Кедейдин акысын бербестик – мал-мүлктүн кыйрашына себеп болот. info

• تعجيل العقوبة في الدنيا من إرادة الخير بالعبد ليتوب ويرجع.
Жазанын дүйнөдө эрте келүүсү – пенде тообо кылып кайтуусу үчүн ага жакшылык каалоого жатат. info

• لا يستوي المؤمن والكافر في الجزاء، كما لا تستوي صفاتهما.
Ыймандуу адам менен каапыр адам сыпаттарында бирдей болбогондой эле алардын жазасы да бирдей болбойт. info

external-link copy
43 : 68

خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۖ وَقَدۡ كَانُواْ يُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ وَهُمۡ سَٰلِمُونَ

Көздөрү жер карап, аларды кордук жана өкүнүч басты. Алар дүйнөдө бүгүнкү күндөгүдөн сак-саламатта болгон кезде Аллахка сажда кылууга чакырылган эле. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 68

فَذَرۡنِي وَمَن يُكَذِّبُ بِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِۖ سَنَسۡتَدۡرِجُهُم مِّنۡ حَيۡثُ لَا يَعۡلَمُونَ

Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул Куранды жалган дегендерди Мага ташта. Биз аларды акырындык менен азапка алып барабыз, алар бул айла-амал жана аз-аздан жазалоо аларга каршы колдонулганын билишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 68

وَأُمۡلِي لَهُمۡۚ إِنَّ كَيۡدِي مَتِينٌ

Мен аларга күнөөлөрүн кылып алганга мөөнөт берем. Чындыгында каапырларга жана жалганчыларга карата Менин амалкөйлүгүм күчтүү. Алар Менин жазамдан аман калышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 68

أَمۡ تَسۡـَٔلُهُمۡ أَجۡرٗا فَهُم مِّن مَّغۡرَمٖ مُّثۡقَلُونَ

Оо, пайгамбар! Сен чакырган нерсең үчүн алардан акы сурап, алар ушундан улам оор ишти көтөрүп жатышабы, алардын сенден баш тартуусунун себеби ушулбу? Чынында андай эмес. Сен алардан акы сураган жоксуң. Анда алардын сени ээрчишине эмне тоскоол болуп жатат? info
التفاسير:

external-link copy
47 : 68

أَمۡ عِندَهُمُ ٱلۡغَيۡبُ فَهُمۡ يَكۡتُبُونَ

Же аларда кайып илими барбы жана алар сени менен талашып-тартышкан өздөрүнө жаккан далилдерди жазышабы? info
التفاسير:

external-link copy
48 : 68

فَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ ٱلۡحُوتِ إِذۡ نَادَىٰ وَهُوَ مَكۡظُومٞ

Оо, пайгамбар! Раббиңдин аларга мөөнөт берип, акырындык менен жазалайм деген өкүмүнө сабыр кыл. Коомунан тажоодо киттин ээси Юнустай болбо. Ал деңиз караңгылыгы менен киттин курсагындагы караңгылыкта кыйынчылык абалда турганда Раббисине чакырык салды. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 68

لَّوۡلَآ أَن تَدَٰرَكَهُۥ نِعۡمَةٞ مِّن رَّبِّهِۦ لَنُبِذَ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ مَذۡمُومٞ

Эгерде ага Аллахтын ырайымы жетпегенде, кит аны жемеге калган абалда ээн жерге таштап коймок. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 68

فَٱجۡتَبَٰهُ رَبُّهُۥ فَجَعَلَهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Анан Раббиси аны тандап, такыба пенделеринен кылды. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 68

وَإِن يَكَادُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَيُزۡلِقُونَكَ بِأَبۡصَٰرِهِمۡ لَمَّا سَمِعُواْ ٱلذِّكۡرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُۥ لَمَجۡنُونٞ

Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгаргандар, сага түшкөн Куранды уккан кезде сени акырая тиктеп, көздөрү менен сени көтөрө чаап жиберейин дешет жана алар өз каалоолорун ээрчип, акыйкаттан баш тарткан абалда: «Чындыгында муну алып келген пайгамбар анык жинди» – деп айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 68

وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ

Сага түшүрүлгөн Куран – адамзат менен жиндер үчүн гана болгон эскертме жана насаат. info
التفاسير:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• الصبر خلق محمود لازم للدعاة وغيرهم.
Сабырдуулук – даават кылгандарга жана башкаларга зарыл болгон мактоого татыктуу сыпат. info

• التوبة تَجُبُّ ما قبلها وهي من أسباب اصطفاء الله للعبد وجعله من عباده الصالحين.
Тобо кылуу мурунку күнөөлөрдү жок кылат жана Аллахтын пендени тандоосуна, аны такыба пенделеринен кылуусуна себеп болот. info

• تنوّع ما يرسله الله على الكفار والعصاة من عذاب دلالة على كمال قدرته وكمال عدله.
Аллах каапырларга жана күнөөкөрлөргө жиберген азаптын ар түрдүүлүгү – Анын кудуреттүүлүгү менен адилеттүүлүгүнүн кемчиликсиз экендигин билдирет. info