[1] Аллах аларга “Ишемби күндө балык уулабайсыңар” деген эрежесин парыз кылып, сыноо үчүн атайын ишемби күндөрү суу бетинде балыктарды көбөйтүп, башка күндөр жок кылып турган. Напси балээсин тыя албагандар айлакерлик кылып, тим эле Аллах билбей кала тургансып, ишемби күндө балык кармабаса да деңиз жээгине чуңкурларды оюшуп, ошого балыктарды камап, эртеси, жекшембиде кармап алышчу. Аллах ушинтип, алардын арасындагы бузукуларын сынап, тандап аларга азап жиберген. Азап жибергенге чейин Исраил урпактары үч бөлүккө ажырап калышкан:
1-бөлүк: Аллахты алдайм деп чекти бузган айлакерлер. Булар көпчүлүктү түзгөн.
2-бөлүк: Аларды бул зулумдуктан кайтаргандар.
3-бөлүк: Өздөрү күнөө кылбаса да заалым-кылмышкерлерди кайтарбагандар.
Кийинки аятта 3-бөлүк – бейгам адамдар менен, 2-бөлүк – жамандыктан кайтарган такыба кишилердин арасындагы суроо-жооп баяндалат.