Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghiza - Shamsuddin Hakimov

Numero di pagina:close

external-link copy
27 : 67

فَلَمَّا رَأَوۡهُ زُلۡفَةٗ سِيٓـَٔتۡ وُجُوهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَقِيلَ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَدَّعُونَ

Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!» - деп айтылат.[1] info

*[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам ушул сөздөрдү Мекке мушриктерине айтканда алар бул насааттарды укмак түгүл «Кайра тирилесиңер дейсиң. Койчу бул сөзүңдү. Эгер болчу болсо, тезирээк болтурбайсыңбы?» дешип шылдың кылышты.

التفاسير:

external-link copy
28 : 67

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَهۡلَكَنِيَ ٱللَّهُ وَمَن مَّعِيَ أَوۡ رَحِمَنَا فَمَن يُجِيرُ ٱلۡكَٰفِرِينَ مِنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ

Айткын: «(Ойлонуп) көрбөйсүңөрбү, эгер мени жана мени менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды Аллах (силер тилегендей) өлтүрчү болсо (бизге Акыреттик бейиш даяр) же (узун өмүр берип) бизге ырайым кылса (Өзүнө сыйынып, шүгүр кылып жашай беребиз. Ал эми, силердин жаныңарды алчу болсо) анда силерди катуу азаптан ким сактап калат?! info
التفاسير:

external-link copy
29 : 67

قُلۡ هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ءَامَنَّا بِهِۦ وَعَلَيۡهِ تَوَكَّلۡنَاۖ فَسَتَعۡلَمُونَ مَنۡ هُوَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

Айткын: «Ал – Рахман (Ырайымдуу)! Биз Ага ыйман келтирдик жана тобокел кылдык. А, силер (эй, каапырлар), ким анык адашууда экенин жакында билип аласыңар![1] info

[1] Аллах тааланын “жакында” дегени кыямат кайым. Кыяматка чейин дагы бир нече он, балким бир нече жүз, балким бир нече миң, а балким бир нече миллион жыл бардыр. Бул мөөнөт биз – инсандар үчүн өтө алыс. Ал эми, Аллах үчүн арзыбаган убакыт.

التفاسير:

external-link copy
30 : 67

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَصۡبَحَ مَآؤُكُمۡ غَوۡرٗا فَمَن يَأۡتِيكُم بِمَآءٖ مَّعِينِۭ

Айткын: «(Эй, каапырлар) ойлонуп көрбөйсүңөрбү, эгерде силердин сууңар жер астына сиңип кетсе, анда силерге аккан сууну ким келтирип берет?[1] info

[1] Аллах тааланын жаратылыш мыйзамына ылайык жер суулары күн ысыгы менен бууланып, асманга көтөрүлүп, булуттар пайда болот. Анан Аллах таала аларды муктаж пенделерине асмандан жамгыр кылып жаадырып, натыйжада дарыя, булак, кудук суулары пайда болот. Эми, Өзүнүн амири менен жер кыртышындагы суулар эң терең катмарга сиңип кетсе жана Аллах асмандан жамгыр жаадырбай койсо, нашүкүр пенделерге сууну Аллахтан башка “кудайлары” жаадырып бере алабы?!

التفاسير: