[1] «Идда мөөнөттөрүндө талак бергиле» дегени, иддасына чейин, айыздан таза абалында, жакындык кылбай туруп талак бергиле деген мааниде.
[2] Мусулман адамдар талакты оюнчук кылып албаш керек. Анын да эрежелери бар. Ал эми, эрежеси менен талагы берилген аялдарды үйдөн чыгарып жиберилбейт. Ал аял идда мөөнөтү (үч ирет этек кири келип, үч ирет тазалануу убактысы) аяктаганга чейин үйүндө олтурууга жана күйөөсү тарабынан каржыланууга тийиш. А, эгер талактын себеби аялдын бузуктугунда болсо, анда эрежеси менен талак кылгандан кийин үйдөн чыгарып жиберсе болот.
[1] Талагы берилген аялдарга.
[2] Талак кылынган аял идда мөөнөтүндө төрөсө, бала атаныкы болгону себептүү, баланы эмизгени үчүн анын атасынан (мурдагы күйөөсүнөн) акы талап кылса, ата аны төлөп бериши зарыл.