Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghiza - Shamsuddin Hakimov

external-link copy
18 : 5

وَقَالَتِ ٱلۡيَهُودُ وَٱلنَّصَٰرَىٰ نَحۡنُ أَبۡنَٰٓؤُاْ ٱللَّهِ وَأَحِبَّٰٓؤُهُۥۚ قُلۡ فَلِمَ يُعَذِّبُكُم بِذُنُوبِكُمۖ بَلۡ أَنتُم بَشَرٞ مِّمَّنۡ خَلَقَۚ يَغۡفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُۚ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۖ وَإِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ

Яхудилер менен христиандар: “Биз Аллахтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллах силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллах жараткан (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллахка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар. info
التفاسير: