Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghiza - Shamsuddin Hakimov

Numero di pagina:close

external-link copy
20 : 11

أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يَكُونُواْ مُعۡجِزِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا كَانَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَۘ يُضَٰعَفُ لَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ مَا كَانُواْ يَسۡتَطِيعُونَ ٱلسَّمۡعَ وَمَا كَانُواْ يُبۡصِرُونَ

Алар жер бетинде (Аллахтын өкүмүнөн) качып кутула алышпайт жана аларга Аллахтан башка жардамчы да жок. Аларга (өздөрүнө кошуп башкаларды да адаштырганы себептүү) кошумча азап берилет. Алар (Акыйкатты жек көрүп, аны) укканга да, көргөнгө да жарабай калышты. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 11

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ

Алар өздөрүнө зыян кылган адамдар. Жана (Кыямат жазасы мезгилинде) ойлоп тапкан “кудайлары” алардан жок болуп кетет. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 11

لَا جَرَمَ أَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡأَخۡسَرُونَ

Эч шексиз алар Акыретте эң көп зыян тартуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 11

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَأَخۡبَتُوٓاْ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Ыйман келтирип, сооптуу иштерди жасаган жана Раббисине моюн сунган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат!” info
التفاسير:

external-link copy
24 : 11

۞ مَثَلُ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ كَٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡأَصَمِّ وَٱلۡبَصِيرِ وَٱلسَّمِيعِۚ هَلۡ يَسۡتَوِيَانِ مَثَلًاۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Бул эки тайпанын (шордуулар менен бактылуулардын) мисалы сокур, дүлөй менен көрүүчү, угуучу адамга окшош. Ушул экөөнү теңештирип болобу? Эсиңерге келбейсиңерби?! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 11

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦٓ إِنِّي لَكُمۡ نَذِيرٞ مُّبِينٌ

Биз Нухту өз коомуна элчи кылып жибердик. (Ал айтты:) “Мен силерге анык эскертүүчүмүн. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 11

أَن لَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَۖ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ أَلِيمٖ

Аллахтан башкага ибадат кылбашыңарды (эскертемин.) Мен силердин башыңарга кыйноочу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун”! info
التفاسير:

external-link copy
27 : 11

فَقَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ مَا نَرَىٰكَ إِلَّا بَشَرٗا مِّثۡلَنَا وَمَا نَرَىٰكَ ٱتَّبَعَكَ إِلَّا ٱلَّذِينَ هُمۡ أَرَاذِلُنَا بَادِيَ ٱلرَّأۡيِ وَمَا نَرَىٰ لَكُمۡ عَلَيۡنَا مِن فَضۡلِۭ بَلۡ نَظُنُّكُمۡ كَٰذِبِينَ

Анын коомунун арасындагы каапыр болгон уруу башчылары: “Биздин оюбузча, сен биз сыяктуу эле адамсың. Биз сенин артыңдан акылсыз кедейлер гана ээрчигенин көрүп турабыз. Бизден артыкча жериңерди эч көрбөй жатабыз, тескерисинче биз силерди жалганчылар деп ойлойбуз”- дешти. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 11

قَالَ يَٰقَوۡمِ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كُنتُ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّي وَءَاتَىٰنِي رَحۡمَةٗ مِّنۡ عِندِهِۦ فَعُمِّيَتۡ عَلَيۡكُمۡ أَنُلۡزِمُكُمُوهَا وَأَنتُمۡ لَهَا كَٰرِهُونَ

(Нух) айтты: “О, коомум! Айткылачы, эгер мен Раббимден келген анык далилге ээ болсом жана мага Андан ырайым – пайгамбарчылык келген болсо, а бирок, бул силерге билине элек болсо, силер аны жаман көрүп турсаңар деле, биз силерди ага мажбурламак белек?! info
التفاسير: