Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran

Шамс

Parmi les objectifs de la sourate:
التأكيد بأطول قسم في القرآن، على تعظيم تزكية النفس بالطاعات، وخسارة دسّها بالمعاصي.
Куранда келген эң узун касам - напсини ибадат менен тазалоонун улуулугу жана аны күнөө иштер менен көмүп коюунун зыяны жөнүндө бекемдөө. info

external-link copy
1 : 91

وَٱلشَّمۡسِ وَضُحَىٰهَا

Аллах Күн менен ант берди жана ал чыгыш тараптан чыккандан кийин көтөрүлгөн убактысы менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 91

وَٱلۡقَمَرِ إِذَا تَلَىٰهَا

Жана ал баткандан кийин анын артынан ээрчиген Ай менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 91

وَٱلنَّهَارِ إِذَا جَلَّىٰهَا

Жер бетиндеги нерселерди өз жарыгы менен ачык кылып көргөзгөн күндүз менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 91

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰهَا

Жер бетин каптап, караңгыга айланган түн менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 91

وَٱلسَّمَآءِ وَمَا بَنَىٰهَا

Асман менен жана анын кылдаат курулушу менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 91

وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا طَحَىٰهَا

Жер менен ант берди жана адамдар ага жашаш үчүн анын жайыктыгы менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 91

وَنَفۡسٖ وَمَا سَوَّىٰهَا

Ар бир жан менен ант берди жана Аллах аны түз турпатта жаратканы менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 91

فَأَلۡهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقۡوَىٰهَا

Ага ташташ керек болгон жаман нерсени жана аткарыш керек болгон жакшы нерсени үйрөтпөстөн түшүндүрүп койду. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 91

قَدۡ أَفۡلَحَ مَن زَكَّىٰهَا

Кимде-ким жакшы сапаттарга ээ болуп жана жаман сапаттардан арылып, жан дүйнөсүн тазалаган болсо, анда ал көздөгөнүнө жетти. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 91

وَقَدۡ خَابَ مَن دَسَّىٰهَا

Кимде-ким өзүн күнөөлөргө жана жамандык иштерге жашырса, анда ал зыянга учурады. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 91

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِطَغۡوَىٰهَآ

Самуд коому күнөөлөрдү жана жамандык иштерди кылып чектен чыгышканы себептүү пайгамбары Салихти жалганга чыгарышты. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 91

إِذِ ٱنۢبَعَثَ أَشۡقَىٰهَا

Анан алардын эң бактысызы элинин дайындоосу менен ордунан турган кезде. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 91

فَقَالَ لَهُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ نَاقَةَ ٱللَّهِ وَسُقۡيَٰهَا

Аллахтын элчиси Салих аларга: «Аллахтын төөсүнө жана анын суу ичкен күнүнө тийишпегиле жана ага зыян келтирбегиле» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 91

فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمۡدَمَ عَلَيۡهِمۡ رَبُّهُم بِذَنۢبِهِمۡ فَسَوَّىٰهَا

Алар пайгамбарынын төө тууралуу айтканын жалган дешип, арасындагы эң бактысызы алардын ыраазылыгы менен аны өлтүрүп салды жана алар күнөөгө шерик болушту. Ошондо Аллах аларга азабын түшүрүп, аларды күнөөлөрү себептүү кыйкырык менен өлтүрдү жана аларды кыйроого дуушар кылган жазаны баарына бирдей кылды. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 91

وَلَا يَخَافُ عُقۡبَٰهَا

Аллах аларды кыйратып жок кылган азапты кылып, анын кесепеттеринен корккон жок. info
التفاسير:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• أهمية تزكية النفس وتطهيرها.
Жан дүйнөнү тазартуунун маанилүүлүгү. info

• المتعاونون على المعصية شركاء في الإثم.
Күнөө иштерде бири-бирине жардам бергендер күнөөдө шерик болушат. info

• الذنوب سبب للعقوبات الدنيوية.
Күнөөлөр дүйнөдөгү жазаларга себеп болот. info

• كلٌّ ميسر لما خلق له فمنهم مطيع ومنهم عاصٍ.
Ар бир адам кайсы нерсе үчүн жаратылса, ал үчүн ошону кылуу жеңил болот, алардын арасында баш ийүүчүлөр бар жана күнөөкөрлөр да бар. info