Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran

Балад

Parmi les objectifs de la sourate:
بيان افتقار الإنسان وكبده وسبل نجاته.
Инсандын жакырдыгы, машакаты жана андан чыгуунун жолдору баяндалган. info

external-link copy
1 : 90

لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

Аллах тыйылган шаар болгон ыйык Мекке менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 90

وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

Оо, пайгамбар! Сен үчүн ал жерде өлтүрүлүүгө татыктууну өлтүрүүгө, туткундалууга татыктууну туткундоого уруксат. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 90

وَوَالِدٖ وَمَا وَلَدَ

Аллах адамзаттын атасы менен ант берди жана андан таркаган урпактар менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 90

لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ

Биз инсанды дүйнөдө тарткан кыйынчылыктар себептүү чарчоодо жана машакатта жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 90

أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٞ

Эгерде инсан күнөө кылса, анда Раббиси аны жараткан болсо дагы ага эч кимдин күчү жетпейт жана өч ала албайт деп ойлойбу? info
التفاسير:

external-link copy
6 : 90

يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالٗا لُّبَدًا

Ал: «Биринин үстүнө бири үйүлгөн мал-мүлк сарптадым» — деп айтат. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 90

أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ

Бул мактанчаак Аллах анын сарптаганын көрбөйт деп жана мал-мүлкүн кайдан таап, кайда сарптаганы үчүн сурак албайт деп ойлоп жатабы? info
التفاسير:

external-link copy
8 : 90

أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ

Биз ага көрүүчү эки көз бербедикпи? info
التفاسير:

external-link copy
9 : 90

وَلِسَانٗا وَشَفَتَيۡنِ

Сүйлөөчү тил жана эки эрин бербедикпи? info
التفاسير:

external-link copy
10 : 90

وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ

Жана Биз ага жакшылык жана жамандык жолду тааныттык. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 90

فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ

Аны бейиштен бөлүп турган тоскоолдуктан өтүүсү талап кылынганына карабастан, ал аны кесип өтпөйт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 90

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ

Оо, пайгамбар! Ал бейишке кирүү үчүн кандай тоскоолдуктан өтүшү керек экенин кайдан билесиң? info
التفاسير:

external-link copy
13 : 90

فَكُّ رَقَبَةٍ

Ал эркек же аял кулду азат кылуу. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 90

أَوۡ إِطۡعَٰمٞ فِي يَوۡمٖ ذِي مَسۡغَبَةٖ

Же азык-түлүк тартыш болгон ачарчылык күндө тамак-аш берүү. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 90

يَتِيمٗا ذَا مَقۡرَبَةٍ

Тууганчылыгы бар атасы жок балага. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 90

أَوۡ مِسۡكِينٗا ذَا مَتۡرَبَةٖ

Же эч нерсеге ээлик кылбаган кедейге. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 90

ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ

Кийин ал Аллахка ыйман келтирип, бири-бирин ибадаттарга, күнөөлөргө жана сыноолорго сабырдуу болууга жана ошондой эле бири-бирин Аллахтын пенделерине мээримдүү болууга осуят кылгандардан болгон. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 90

أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ

Мына ушул сыпаттагы адамдар оң тарап ээлери. info
التفاسير:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• عتق الرقاب، وإطعام المحتاجين في وقت الشدة، والإيمان بالله، والتواصي بالصبر والرحمة: من أسباب دخول الجنة.
Кулду азат кылуу, кыйынчылыкта муктаждарга тамак-аш берүү, Аллахка ыйман келтирүү, бири-бирине сабырдуулукту жана ырайымдуулукту осуят кылуу — бейишке кирүүнүн себептеринен. info

• من دلائل النبوة إخباره أن مكة ستكون حلالًا له ساعة من نهار.
Пайгамбарчылыктын белгилеринин бири — күндүзгү бир убакытта ал үчүн Меккеге бастырып кирүү уруксат болору тууралуу кабар берүүсү. info

• لما ضيق الله طرق الرق وسع طرق العتق، فجعل الإعتاق من القربات والكفارات.
Качан Аллах кулчулуктун жолдорун тарытканда, азат кылуунун жолдорун кеңейтти жана кулчулуктан куткарууну Аллахка жакындаткан жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон иштерден кылды. info

external-link copy
19 : 90

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ

Ал эми элчибизге түшүргөн аяттарга каапырлык кылгандар – алар сол тарап ээлери. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 90

عَلَيۡهِمۡ نَارٞ مُّؤۡصَدَةُۢ

Кыямат күнү алардын үстүнөн жабылган от бар. Алар ал жакта азапталышат. info
التفاسير:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• أهمية تزكية النفس وتطهيرها.
Жан дүйнөнү тазартуунун маанилүүлүгү. info

• المتعاونون على المعصية شركاء في الإثم.
Күнөө иштерде бири-бирине жардам бергендер күнөөдө шерик болушат. info

• الذنوب سبب للعقوبات الدنيوية.
Күнөөлөр дүйнөдөгү жазаларга себеп болот. info

• كلٌّ ميسر لما خلق له فمنهم مطيع ومنهم عاصٍ.
Ар бир адам кайсы нерсе үчүн жаратылса, ал үчүн ошону кылуу жеңил болот, алардын арасында баш ийүүчүлөр бар жана күнөөкөрлөр да бар. info