Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran

Numéro de la page:close

external-link copy
188 : 7

قُل لَّآ أَمۡلِكُ لِنَفۡسِي نَفۡعٗا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ وَلَوۡ كُنتُ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ لَٱسۡتَكۡثَرۡتُ مِنَ ٱلۡخَيۡرِ وَمَا مَسَّنِيَ ٱلسُّوٓءُۚ إِنۡ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ وَبَشِيرٞ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Оо, Мухаммад, аларга минтип айт: "Аллах каалабаса, мен өзүмө жакшылык алып келе албаймын, өзүмдү жамандыктан сактай да албаймын, жакшылык берүү жана жамандыктан сактоо Аллахтын колунда. Ошондой эле, Аллах билдирген нерсени гана билем, кайыпты билбеймин. Эгер кайыпты билгенимде, ишке аша элекиштердин эмне болурун билип алып, мага жакшылык алып келе турган, жамандыкты кетире турган себептерди жасап алмакмын. Мен Аллах тарабынан жиберилген элчимин, менин Аллахтан жиберилген элчи экениме ыйман келтирген жана мен алып келген динди тастыктаган адамдарга Аллахтын катуу азыбын эскертем, улук сооп-сыйын сүйүнчүлөймүн. info
التفاسير:

external-link copy
189 : 7

۞ هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ وَجَعَلَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا لِيَسۡكُنَ إِلَيۡهَاۖ فَلَمَّا تَغَشَّىٰهَا حَمَلَتۡ حَمۡلًا خَفِيفٗا فَمَرَّتۡ بِهِۦۖ فَلَمَّآ أَثۡقَلَت دَّعَوَا ٱللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنۡ ءَاتَيۡتَنَا صَٰلِحٗا لَّنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ

Оо, эркектер жана аялдар, Аллах силерди бир жандан, Адам атадан жаратты. Адамдан анын аялы Обону жаратты. Обону Адамга үйрөнүп, Адам аны менен бейпил жашоосу үчүн анын кабыргасынан жаратты. Жубайлар кошулгандан кийин Обо боюна бүтүп, бирок аны сезбей жүрө берди. Анткени, боюна биринчи жолу болуп жаткандыктан, баштапкы мезгилде эч кандай оорлукту байкаган жок, качан гана түйүлдүк чоңоюп жүгү оорлогондо, жубайлар Раббисине дуба кылып: "Оо, Раббибиз, бизге бал берсең, салих, дени соо бала бергин, Сенин жакшылыгыңа шүгүр кылуучулардан болобу" - дешти. info
التفاسير:

external-link copy
190 : 7

فَلَمَّآ ءَاتَىٰهُمَا صَٰلِحٗا جَعَلَا لَهُۥ شُرَكَآءَ فِيمَآ ءَاتَىٰهُمَاۚ فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ عَمَّا يُشۡرِكُونَ

Аллах алардын дубасы кабыл кылып, алар сурангандай таза, саалих бала бергенде, баласын Аллахтан башкага кул кылып, (Абдул Хаарис) "Жердин кулу" деп атап, ширк кылышты. Аллах болсо бардык шериктерден таза, жаратууда да, ибадат кылууда да жалгыз. info
التفاسير:

external-link copy
191 : 7

أَيُشۡرِكُونَ مَا لَا يَخۡلُقُ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ

Бут-айкелдерди жана башка нерселерди ибадатта Аллахка шерик кылышат. Алар бул ибадат кылып жаткан нерселери эч нерсе жаратпаган, тескерисинче, өзү жаратылган анан да ибадат кылууга татыксыз экенин билишет. анан кантип ушундай нерселерди Аллахка шерик кылышат?! info
التفاسير:

external-link copy
192 : 7

وَلَا يَسۡتَطِيعُونَ لَهُمۡ نَصۡرٗا وَلَآ أَنفُسَهُمۡ يَنصُرُونَ

Ибадат кылынып жаткан бул бут-айкелдер аларга ибадат кылып жаткандарга да, өздөрүнө да жардам бере албайт, анан кантип ошолорго ибадат кылышат. info
التفاسير:

external-link copy
193 : 7

وَإِن تَدۡعُوهُمۡ إِلَى ٱلۡهُدَىٰ لَا يَتَّبِعُوكُمۡۚ سَوَآءٌ عَلَيۡكُمۡ أَدَعَوۡتُمُوهُمۡ أَمۡ أَنتُمۡ صَٰمِتُونَ

Эй, бутпарастар, эгер силер Аллахтын ордуна кудай кылып алган бут-айкелдерди туура жолго чакырсаңар, чакырыгыңарга жооп да бербейт, ээрчибейт дагы. Аларды туура жолго чакырасыңарбы, же унчукпай коёсуңарбы аларга баары бир, анткени алар жансыз затттар; акыл жүгүртө албайт, укпайт жана сүйлөбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
194 : 7

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ عِبَادٌ أَمۡثَالُكُمۡۖ فَٱدۡعُوهُمۡ فَلۡيَسۡتَجِيبُواْ لَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Эй, бутпарастар, силер Аллахтын ордуна ибадат кылып жаткан нерселер силер сыяктуу эле Аллах тарабынан жаратылган анын мүлктөрү, бирок алар силерге карганда жакшыраак. Анткени, силер сүйлөгөн, баскан, уккан жана көргөн тирүү жансыңар, ал эми бут-айкелдериңер болсо, мындай эмес. Аларды кудай дегениңер чын болсо, аларга дуба кылгылачы, дубаңарга жооп беришер бекен?! info
التفاسير:

external-link copy
195 : 7

أَلَهُمۡ أَرۡجُلٞ يَمۡشُونَ بِهَآۖ أَمۡ لَهُمۡ أَيۡدٖ يَبۡطِشُونَ بِهَآۖ أَمۡ لَهُمۡ أَعۡيُنٞ يُبۡصِرُونَ بِهَآۖ أَمۡ لَهُمۡ ءَاذَانٞ يَسۡمَعُونَ بِهَاۗ قُلِ ٱدۡعُواْ شُرَكَآءَكُمۡ ثُمَّ كِيدُونِ فَلَا تُنظِرُونِ

Силер кудай кылып алган бут-айкелдердин муктаждыктарына чыгуу үчүн баса турган буттары барбы? Же аларда силерден жамандыкты күч менен кармап токтотуп кала турган колдору барбы? Же силердин жоголгон нерсеңерди көрүп, силерге кабар бере турган көздөрү барбы? Же силерге угулбай калган нерсени угуп, силерге жеткирип тура турган кулактары барбы? Эгер бул айьылгандардын бир да болбосо, анда эмне үчүн алардан пайда берет, зыяндан сактайт деп үмүт кыласыңар?! Эй, элчи, бул бутпарастарга: "Ошол Аллахка теңеген бут-айкелдериңерге дуба кыла бергиле жана мага зыян берүүгө аракет кыла бергиле, мени күтпөгүлө" - дегин. info
التفاسير:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• في الآيات بيان جهل من يقصد النبي صلى الله عليه وسلم ويدعوه لحصول نفع أو دفع ضر؛ لأن النفع إنما يحصل من قِبَلِ ما أرسل به من البشارة والنذارة.
Аяттарда пайгамбарыбызга ал пайда берет, зыяндан коргойт деген ишеним менен дуба кылуу илимсиздиктен экени баян кылынган. Анткени, пайда анын эскертүүсү жана сүйүнчүлөөсү тарабынан болот. info

• جعل الله بمنَّته من نوع الرجل زوجه؛ ليألفها ولا يجفو قربها ويأنس بها؛ لتتحقق الحكمة الإلهية في التناسل.
Бири-бирине көнүп, бейпил, тынч алып жашап, урпактарын көбөйтүүсү үчүн Өзүнүн даанышмандыгы менен Аллах ырайым кылып эркектен анын аялын жаратты. info

• لا يليق بالأفضل الأكمل الأشرف من المخلوقات وهو الإنسان أن يشتغل بعبادة الأخس والأرذل من الحجارة والخشب وغيرها من الآلهة الباطلة.
Жаратылгандардын эң жакшысы, эн кемели, эң кадырлуусу болгон инсандын таштан же жыгачтан ж.б. нерседен жасалган эң баасыз жаман жалган кудайларга ибадат кылуусу ылайыксыз иш. info