Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran

Numéro de la page:close

external-link copy
24 : 4

۞ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلنِّسَآءِ إِلَّا مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۖ كِتَٰبَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ وَأُحِلَّ لَكُم مَّا وَرَآءَ ذَٰلِكُمۡ أَن تَبۡتَغُواْ بِأَمۡوَٰلِكُم مُّحۡصِنِينَ غَيۡرَ مُسَٰفِحِينَۚ فَمَا ٱسۡتَمۡتَعۡتُم بِهِۦ مِنۡهُنَّ فَـَٔاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ فَرِيضَةٗۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا تَرَٰضَيۡتُم بِهِۦ مِنۢ بَعۡدِ ٱلۡفَرِيضَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Ошондой эле күйөөсү бар аялдарга никеленүүңөр арам, бирок кол алдыңарга туткун болуп келген күң аялдарга алар бир айыз көрүп тазалангандан кийин кошула берсеңер болот. Мына ушуларды Аллах силерге милдет кылды. Эми жогоруда айтылгандан башка аялдар силерге адал, зынаны максат кылбай, таза-адал жол менен алардын Аллах силерге милдет кылган махырларын берип, никелене бергиле. Никеден кийин келишимиңерди өзгөртүп, силер аларга айтылгандан көп берсеңер, же алар айтылгандын кээсин. же баарын алуудан баш тартса мында эч кимге күнөө жок. Аллах Таала чынында пенделерин билип турат, Ага эч нерсе жашыруун эмес, башкарууда жана шарият кылууда Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 4

وَمَن لَّمۡ يَسۡتَطِعۡ مِنكُمۡ طَوۡلًا أَن يَنكِحَ ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ فَمِن مَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُم مِّن فَتَيَٰتِكُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۚ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِإِيمَٰنِكُمۚ بَعۡضُكُم مِّنۢ بَعۡضٖۚ فَٱنكِحُوهُنَّ بِإِذۡنِ أَهۡلِهِنَّ وَءَاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِ مُحۡصَنَٰتٍ غَيۡرَ مُسَٰفِحَٰتٖ وَلَا مُتَّخِذَٰتِ أَخۡدَانٖۚ فَإِذَآ أُحۡصِنَّ فَإِنۡ أَتَيۡنَ بِفَٰحِشَةٖ فَعَلَيۡهِنَّ نِصۡفُ مَا عَلَى ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ مِنَ ٱلۡعَذَابِۚ ذَٰلِكَ لِمَنۡ خَشِيَ ٱلۡعَنَتَ مِنكُمۡۚ وَأَن تَصۡبِرُواْ خَيۡرٞ لَّكُمۡۗ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Оо, эркектер, эгер мал-келиңер жок, эркин аялдарга үйлөнө албасаңар, бирөөлөрдүн кол астындагы күң аялдарга, эгер алар ыймандуу болсо үйлөнсөңөр болот. Аллах Таала ыйманыңардын акыйкатын жана ички абалыңарды жакшы билет. Силер алар менен динде да, инсанияттыкта да бирдейсиңер. Аларга үйлөнүүдөн баш тартпагыла. Алардын кожоюнунун уруксаты менен үйлөнгүлө. Алардын махыр акысын толук жана кечиктирбей бергиле. Мунун баары эгер алар зына кылуучу болбосо жана зына кылуу үчүн жашыруун ойнош күтпөсө. А эгер аларга үйлөнгөндөн кийин алар зынага барса, анда алардын жазасы эркин аялдардын жазасынын жарымындай, элүү балак урулат, эркин аялдардан айырмаланып алар таш бараң кылынбайт. Жогоруда айтылган ушул таза-топук күң аялдарга үйлөнүүгө берилген уруксат, эркин аялдарга үйлөнүүгө кудурети жетпей, бирок зинага бут коюу коркунучу бар эркектер үчүн. Ушундай учурда күң аялдарга үйлөнүүгө сабыр кылуу жакшы. Аллах Таала пенделеринен тообо кылгандарын Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Аллах Тааланын ырайымдуулугунун бир белгиси мына ушул, силер эркин аялдарга үйлөнө албай, зынага бут коюу коркунучу болгон учурда күң аялдарга үйлөнүүгө уруксат бергени info
التفاسير:

external-link copy
26 : 4

يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُبَيِّنَ لَكُمۡ وَيَهۡدِيَكُمۡ سُنَنَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ وَيَتُوبَ عَلَيۡكُمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ

Аллах Таала силерге бул өкүмдөрдү шарият кылуу менен шарият жана динин баяндоону каалайт. Бул дүйнө жана акыретте силерге пайдалуу нерсени баяндоону каалайт. Силерди мурдагы пайгамбарлардын жолуна, алардын жакшы жүрүм-турумуна, арам-адалды ажыратууга баштоону каалайт. Силерди күнөөдөн ибадатка, кайтарууну каалайт. Аллах Таала пенделерине эмне пайдалуу экенин билет жана ошону шарият кылат. Аларды башкарууда жана шарият кылууда Даанышман. info
التفاسير:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• حُرمة نكاح المتزوجات: حرائر أو إماء حتى تنقضي عدتهن أيًّا كان سبب العدة.
Мейли эркин, мейли күң болсун алар идданын кайсы туру болсо да толук өтөмөйүнчө никеленүү арам. info

• أن مهر المرأة يتعين بعد الدخول بها، وجواز أن تحط بعض مهرها إذا كان بطيب نفس منها.
Аялдын махыр акысы ага кошулгандан кийин дайындалат, эгер кааласа, махыр өлчөмүн азайтат info

• جواز نكاح الإماء المؤمنات عند عدم القدرة على نكاح الحرائر؛ إذا خاف على نفسه الوقوع في الزنى.
Эгер эркин аялдарга үйлөнүүгө кудурети жетпесе жана зынага бут коюу коркунучу болсо, анда күң аялдарга үйлөнүүгө уруксат info

• من مقاصد الشريعة بيان الهدى والضلال، وإرشاد الناس إلى سنن الهدى التي تردُّهم إلى الله تعالى.
Шарияттын негизги максаты туура жол менен адашууну баяндоо, адамдарды Аллах Таалага алып бара турган түз жолго салуу info