Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize du Résumé dans l'Exégèse du noble Coran

Numéro de la page:close

external-link copy
8 : 17

عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يَرۡحَمَكُمۡۚ وَإِنۡ عُدتُّمۡ عُدۡنَاۚ وَجَعَلۡنَا جَهَنَّمَ لِلۡكَٰفِرِينَ حَصِيرًا

Оо, Исраил урпактары! Эгерде Аллахтын бул катуу өч алуусунан кийин Ага тообо кылсаңар жана жакшы иштерди аткарсаңар, балким Раббиңер силерге ырайым кылар. А эгер бузукулукка үчүнчү жолу же андан да көп кайта турган болсоңор, анда кайрадан силерден өч алабыз жана тозокту каапырлар үчүн жатак кылабыз. Алар андан эч качан кутула алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 17

إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَهۡدِي لِلَّتِي هِيَ أَقۡوَمُ وَيُبَشِّرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَبِيرٗا

Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран жолдордун эң жакшысын көргөзөт жана ал Ислам жолу. Ошондой эле жакшылык иштерди кылган ыймандууларды сүйүнүчкө салган Аллах тараптан боло турган улуу соопторду кабарлайт. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 17

وَأَنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ أَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا

Жана кыямат күнүнө ыйман келтирбегендерге жамандыкты кабарлайт. Ал нерсе – Биз алар үчүн кыямат күнү даярдап койгон кыйноочу азап. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 17

وَيَدۡعُ ٱلۡإِنسَٰنُ بِٱلشَّرِّ دُعَآءَهُۥ بِٱلۡخَيۡرِۖ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ عَجُولٗا

Адам өзүнө жакшылык тилеп дуба кылган сыяктуу ачууланганда да билбестиктен өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө жамандык тилеп дуба кылат. Эгерде Биз анын кылган жаман тилегин кабыл кылганда, ал бала-чакасы жана мал-мүлкү менен кошо кыйрап жок болмок. Адам баласы табиятынан шашкалак. Ошондуктан ал өзүнө зыян берген нерсеге шашат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 17

وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ ءَايَتَيۡنِۖ فَمَحَوۡنَآ ءَايَةَ ٱلَّيۡلِ وَجَعَلۡنَآ ءَايَةَ ٱلنَّهَارِ مُبۡصِرَةٗ لِّتَبۡتَغُواْ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكُمۡ وَلِتَعۡلَمُواْ عَدَدَ ٱلسِّنِينَ وَٱلۡحِسَابَۚ وَكُلَّ شَيۡءٖ فَصَّلۡنَٰهُ تَفۡصِيلٗا

Түндү жана күндуздү Аллахтын жалгыздыгына жана Анын кудуреттүүлүгүнө далил-белги кылып жараттык. Ал экөөнүн узун-кыскалыгында, ысык-суугунда айырмачылык бар. Түндү эс алып уктоо үчүн караңгы кылдык. Күндүздү адамдар көрүүсү жана тиричилик кылуусу үчүн жараттык. Ошондой эле күн менен түндү байкоо аркылуу жылдардын санын жана аларга керек болгон айлардын, күндөрдүн жана сааттардын убактыларын билүү үчүн жараттык. Бардык нерселер бири-биринен, акыйкат жолдогулар жалган жолдогулардан айырмалануусу үчүн Биз ар бир нерсени ачык-айкын баяндадык. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 17

وَكُلَّ إِنسَٰنٍ أَلۡزَمۡنَٰهُ طَٰٓئِرَهُۥ فِي عُنُقِهِۦۖ وَنُخۡرِجُ لَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ كِتَٰبٗا يَلۡقَىٰهُ مَنشُورًا

Ар бир адамдын кылган иштери моюнга тагылган чынжырдай аны дайым коштоп жүрөт. Кылган иштеринен эсеп-кысап кылынмайынча андан ажырабайт. Кыямат күнү ал кылган бардык жакшылык жана жамандык иштерин камтыган китепти ага чыгарып беребиз, ал анын бет алдында жайылып ачылып турганын көрөт. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 17

ٱقۡرَأۡ كِتَٰبَكَ كَفَىٰ بِنَفۡسِكَ ٱلۡيَوۡمَ عَلَيۡكَ حَسِيبٗا

Ошол күнү ага айтабыз: “Эй, адам! Китебиңди оку! Сен өз сурагыңды иш-аракеттериңе тапшыр. Кыяматта сенден сурак алууга өзүң жетиштүүсүң. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 17

مَّنِ ٱهۡتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهۡتَدِي لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۗ وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّىٰ نَبۡعَثَ رَسُولٗا

Ким ыйман жолуна түшсө, анда анын туура жолго түшкөнүнүн сообу өзү үчүн. Ал эми ким адашкан болсо, анда анын адашканынын жазасы да өзү үчүн. Эч бир адам башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Биз кайсы бир коомго элчи жиберип аларга далил алып келбестен туруп аларды азаптабайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 17

وَإِذَآ أَرَدۡنَآ أَن نُّهۡلِكَ قَرۡيَةً أَمَرۡنَا مُتۡرَفِيهَا فَفَسَقُواْ فِيهَا فَحَقَّ عَلَيۡهَا ٱلۡقَوۡلُ فَدَمَّرۡنَٰهَا تَدۡمِيرٗا

Эгерде Биз кайсы бир шаарды зулумдугу үчүн жок кылууну кааласак, анда жакшылыкты көтөрө албай чиренгендерди баш ийгиле деп буйруйбуз, бирок алар баш ийишпейт. Тескерисинче, моюн сунуудан баш тартышат. Мына ошондо аларды жок кылуучу азап сөзү баштарына түшүп, Биз аларды кыйратып жок кылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 17

وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِنَ ٱلۡقُرُونِ مِنۢ بَعۡدِ نُوحٖۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرَۢا بَصِيرٗا

Биз Нухтан кийин келген Аад жана Самуд коомдору сыяктуу канчалаган жалганчы коомдорду жок кылдык. Эй, пайгамбар! Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар, Көрүүчү. Ага эч бири жашыруун эмес жана ал үчүн аларды жазалайт. info
التفاسير:
Parmi les bénéfices ( méditations ) des versets de cette page:
• من اهتدى بهدي القرآن كان أكمل الناس وأقومهم وأهداهم في جميع أموره.
Кимде-ким Курандын жолун ээрчисе, анда ал бардык иштеринде адамдардын эң толугу, адилеттүүсү жана туура жолдогусу болот. info

• التحذير من الدعوة على النفس والأولاد بالشر.
Адамды өзүнө жана бала-чакасына жамандык тилеп дуба кылуудан эскертүү. info

• اختلاف الليل والنهار بالزيادة والنقص وتعاقبهما، وضوء النهار وظلمة الليل، كل ذلك دليل على وحدانية الله ووجوده وكمال علمه وقدرته.
Түн менен күндүздүн бири-биринен азайып көбөйүп, экөөсү биринин артынан бири келип жана күндүздүн жарыгы жана түндүн караңгылыгы менен айырмаланып туруусу. Мунун баары Аллахтын жалгыздыгына, барлыгына, илиминин жана кудуретинин толуктугуна далил болот. info

• تقرر الآيات مبدأ المسؤولية الشخصية، عدلًا من الله ورحمة بعباده.
Аяттардын бекемделип келүүсү – адамдык жоопкерчиликтин башаты. Бул Аллахтын пенделерине болгон адилеттүүлүгү жана ырайымы. info