[1] Пайгамбардын болгон милдети жеткирүү. Аллах эмнени буюрган болсо, ошону дал өзүндөй кылып, өзүнөн кошпой жана кемитпей, пенделерге жеткирип койот – бүттү. Мына ошол себептен ким пайгамбарга моюн сунса Аллахка моюн сунган болот. Моюн сунбагандар менен Аллах Өзү эсептешип алат. Пайгамбарга адамдардын артынан ээрчип жүрүп таңуулоо милдет кылынган эмес.
[1] Башка бир аятта Аллах таала айткан: “Биз сага бул ыйык китепти, анын аяттарында терең пикир кылышың жана акыл ээлери насаат алышы үчүн түшүрдүк”. Куранды терең ойлонуп, пикир кылып окууда төмөндөгүчө көп пайдалар бар: 1) Башка илим-билимдерге ачкыч болот. 2) Жүрөктөгү ыйманды көбөйтөт. 3) Аллахты, Анын сыпаттарын таанытат. 4) Чыныгы дос менен душманды ажыратып берет. 5) Бейиш менен тозоктун жолун ажыратып берет. 6) Адамдын илимин көбөйтөт. ж.б.
[1] Бул аят менен Аллах таала мусулмандар коомуна өз ара мамиле адебин үйрөтүп жатат. Жакшыбы, жаманбы, кандай кабар болбосун угаар замат жайылтып жиберүү жаман адат. Балким, андан коомго же бир жеке адамга зыян жетип калаар. Балким, ал кабар душмандардан жашырыла турган сыр болуп жүрбөсүн? Ошондуктан, Аллах таала кандай кабар болсо да оболу акылман, билерман, тажрыйбалуу башчыларга, аксакалдарга билдирилип, алардын талкуусуна коюлгандан кийин гана же сактоого же жайылтууга уруксат берилерин үйрөтүүдө.
[1]Тафсир Жалалайнда «Кудуреттүү» деп берилген.