Traduction des sens du Noble Coran - La traduction kirghize - Chams Ad-Dîn Hakîmov

external-link copy
10 : 35

مَن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡعِزَّةَ فَلِلَّهِ ٱلۡعِزَّةُ جَمِيعًاۚ إِلَيۡهِ يَصۡعَدُ ٱلۡكَلِمُ ٱلطَّيِّبُ وَٱلۡعَمَلُ ٱلصَّٰلِحُ يَرۡفَعُهُۥۚ وَٱلَّذِينَ يَمۡكُرُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٞۖ وَمَكۡرُ أُوْلَٰٓئِكَ هُوَ يَبُورُ

Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллахка таандык.[1] Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет! info

[1] Демек, урматтуу болууну каалаган адам эң оболу Аллахты ыраазы кылсын! Аллахты ыраазы кылуу Анын буйруктарын аткаруу, Аны даңазалоо жана эң таза сөздөр Ыйык Куран аяттарын окуу менен болот. Мына ошондо ал адамды Аллах эки дүйнөдө урматтуу кылат.

التفاسير: