[1] Бул аяттар пайгамбарыбыздын бакма баласы Зейд бин Хариса жана анын аялы Зейнеп бинти Жахш жөнүндө түшкөн. Пайгамбарыбыз өзү сатып алып, азат кылган кул-Зейд бин Харисага апежесинин кызы Зейнепти алып берейин деп жуучу түшүп барганда, Зейнеп «Кулга тиеминби» деп баш тарткан. Ошондо жогорудагы (36-) аят түшүп, ыктыярын пайгамбарга тапшырат. Бирок, бул нике Зейнептин күйөөсүнө көңүлсүздүгү себептүү бузулуу коркунучунда калат. Зейд дагы абалды түшүнүп, пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга келип: «Мен Зейнептин талагын берейин дегенде: «Аялыңды койбо! Аллахдан корк!» - дейт. Бирок, бул сөздү Зейддин көңүлү үчүн гана айткан. Алардын турмушу оңбой калганын көрүп, көңүлүндө «Эгер Зейд Зейнепти койсо, өзүм никелеп алсамбы» деп жүргөн. Бул - Аллахтын илхамы болчу. Аллах ошол иштин болушун каалап, жүрөгүнө ошол ойду салган. Бирок, пайгамбар адамдар эмне деп ойлошот деп, экөөсүн ажыраштырбай турган.
[2] Даанышман Аллах ушул окуялар менен Исламга чейинки доордогу туура эмес ата-балалык эрежесин өзгөрттү: Бакма баланын өз перзенти катары боло албашы, анын аялына талак бергенден соң атасы үйлөнүшү мүмкүн экени жөнүндөгү парыз-мыйзамды Өз пайгамбарынын жашоосу аркылуу жолго койду. Буга чейин адамдар Зейдди «Зейд бин Мухаммад» деп чакырышчу эле. Эми «Зейд бин Хариса» деп өз атасына байланыштырып чакыра башташты. (Ушул сүрөнүн 5-аятына караңыз). Ошентип, Аллах Өз пайгамбарын, бакма баласынын талак кылынган аялына үйлөнтүп койду.
[1] Анын эркек балдары бала чагында эле чарчап калышкан. Ал Зейддин да атасы эмес. Каапырлардын «Өзүнүн келинине үйлөнүп алды» деген дооматтары жалган!