[1] Исмаил пайгамбардан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин Мекке арабтарына эскертүүчү-пайгамбар келбеген эле.
[1] Ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).
[1] Түйүлдүк сөөк этабынан өтүп, үстүнө эт капталып адамдык кейип-шекил алганда, Аллахтын периштеси келип, ичине үйлөп жан киргизет. Ушул жараян аятта «Өзүнүн Рухунан үйлөдү» таризинде айтылууда.
[1] Жандарды алуучу өлүм периштесин кээ бир адабияттарда «Азраил» деп айтылат. Бирок, Куран менен Сахих Сүннөттө бул ысым жолукпайт. Ошондуктан, өлүм периштесин Куран-Хадисте аталгандай «Өлүм периштеси» же болбосо «Жан алгыч периште» деп атаганыбыз дурус.